Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

КРЕМЛДЕГИ АЛМАШУУЛАР ВАШИНГТОН ҮЧҮН КАТАРДАГЫ ОКУЯ


Кошмо Штаттардын жетекчилиги Кремлдеги өзгөрүүлөргө дүйнө өлкөлөрүндө күн сайын боло жүрчү окуя ирети мамиле жасады. Шаршемби күнү президент Путин премьер- министр Михаил Фрадковдун кызматтан бошотуу жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырып, анын ордуна коомчулукка белгисиз Виктор Зубковду сунуш кылган эле. 65 жаштагы Зубков буга дейре Россиянын финансылык операцияларды көзөмөлдөө кызматын жетектеген.

Президент Путиндин Михаил Фрадковдун премьер- министр кызматынан бошотуу жөнүндөгү арызын канааттандырып, анын ордуна коомчулукка көп белгисиз өкмөт мүчөсү Виктор Зубковду сунуш кылуусуна Вашингтон анча этибар бербеди. Зубков буга дейре Россиянын финансылык операцияларга көзөмөл жүргүзүү кызматын жетектеп жаткан. Бул алмашууну Буштун администрациясы “Россиянын ички саясый иши” катары баалаганын Ак Үйдүн өкүлү Тони Сноу 12- сентябрда маалымдады. Ага удаа эле Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак Ак Үйдүн билдирүүсүнө үндөш маалымат жасады:

- Бул ички саясый окуя. Биз Россиянын жаңы өкмөтүнө ким келсе, аны менен иштешүүгө даярбыз. Бул дүйнөдө ар дайым болуп жүрчү окуя.

Маккормак өз сөзүндө АКШ өкмөтү Россиянын жаңы өкмөтү менен эки өлкө алдында турган “реалдуу проблемаларды” чечүү үчүн жандуу кызматташа турганын белгиледи. “Балким, Ак Үйдө Владимир Путин келерки жылы мартта анын ордуна президент болуп шайлануучу мураскерди тандоого өзү жетекчилик кылып жатат деп ойлобойбу?” деген маанидеги суроого Маккормак түз жооп берген жок. Бирок, ал Россиядагы демократиянын абалы АКШга жакшы белгилүү экенине токтолду:

-Россиядагы демократиянын өнүгүүсүнө токточу болсок, бул жөнүндө өз көз карашыбызды жана айрым бир тынчсыздануубузду ачык билдиргенбиз. Биз алдыдагы шайлоолор, анын ичинде шайлоо өнөктүгү жана добуш берүү эркин, калыс, ошондой эле ачык айкын өтөт деген үмүттөбүз. Бүгүнкү окуя шайлоого кандайдыр бир жол менен таасир этет деп ойлобойм.

Вашингтонтогу Карнеги фондусунун талдоочусу Майкл Макфольдун пикиринче, Путин парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында өкмөт башына сөзүнөн чыкпаган адамды дайындады:

-Менин оюмча, ал (Путин) өкмөттү бардык эркин ой жүгүрткөн министрлерден тазалап, алардын ордуна өз айтканынан чыкпаган ишенимдүү жана жуксуз бирөөлөрдү койууда.

Макфоль 65 жаштагы Зубковду “системанын адамы” болгондуктан, өз алдынча эч кандай “реформага барбасын” айтып, Путиндин ордуна келчү президент демократиялуу ачык саясат жүргүзөт деген үмүттө экенин билдирди:

-Вашингтондо жаңы президент жана жаңы өкмөт тышка ачык болот деп аз да болсо үмүт кылып жаткан. Мен Россиянын жаңы шайланчу президентинен үмүтүмдү үзбөйм. Бирок, бул өзгөрүү башка багытта болду.

XS
SM
MD
LG