Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

ОРУСИЯДА ПРЕМЬЕР ФРАДКОВДУН ОРДУНА ЗУБКОВ ТАЛАПКЕР АТАЛДЫ


Орусиянын президенти Владимир Путин премьер-министр Михаил Фрадковдун өкмөтүнүн отставкасын кабыл алды. Кремль бул жаңылыкты жакындап калган парламенттик жана президенттик шайлоо менен байланыштырса, көпчүлүк - өкмөт башчылыкка эми Путиндин мураскору дайындалат деп боолгогон эле. Бирок ушул эле күнү Орусия парламентинин төмөнкү паласы – Мамлекеттик Думага премьер-министрликке талапкер катары 66 жаштагы Виктор Зубков сунуш кылынды.

Михаил Фрадков өзү шаршембиде Кремлде президент Путин менен жолугушуу маалында өкмөттүн кызматынан чегинүү чечимин жакындап калган саясий окуялар менен байланыштырды.

- Менимче, алдыдагы саясий окуялардан улам сиздин кийинки чечимдерди кабыл алып, бийлик түзүлүшүн аныктоо аракетиңизде эч кандай чектөө болбосун үчүн мен өзүм демилге көтөрүп, өкмөт башчы кызматын бошотконум туура болмок.

Фрадков эскерте кеткен саясий окуялар – Орусияда ушул жылдын декабрында өтө турган парламенттик жана март айына белгиленген президенттик шайлоо. Путин Кремлдеги жолугушууда премьердин бул кадамына колдоо билдирди.

- Биз баарыбыз чогуу-чаран шайлоо алдындагы мезгилге шайкеш иштей турган бийлик бутактарын түзүп, ошол башкаруу органдары өлкөнү парламенттик жана кийинки жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоодон кийинки кырдаалга даярдашын ойлонушубуз керектир.

Фрадковдун күтүүсүз кызматынан чегинишин көпчүлүк байкоочулар эми Путин өзүнүн анык мураскорун саясий сахнага чыгарат, балким, Сергей Иванов премьерликке көргөзүлөт деп боолгошкон эле. Москвадагы окуялар андай болбой, ушул эле күнү түштөн кийин Мамлекеттик Думанын спикери Борис Грызлов Путин парламентке жаңы премьер-министр болууга талапкер катары Виктор Зубковду сунуш кылганын жарыялады.

- Виктор Алексеевич Зубковдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Азыркы тапта ал Орусиянын финансылык көзөмөл агенттигинин башчысы. Абдан тажрыйбалуу адам. 30 жылдай ишмердигин Ленинград облусуна арнаган.

Көпчүлүк Фрадковдун ордун ээлейт деп болжогон 1-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сергей Иванов өкмөттүн алмашканын өнүккөн өлкөдөгү кадыресе көрүнүш катары баалады.

- Демократиялуу өлкөдө өкмөт эртеби кечпи отставкага кетет. Бизде бүгүн ошондой болду. Михаил Фрадков башкарган жана мен иштеген өкмөт далай кыйынчылык, кемчиликтерге карабастан көп иш жасады.

Спикер Грызлов журналисттерге жаңы премьердин талапкерлигин Мамлекеттик Дума жума күнү талкуулайт, Путиндин сунушу өтөт деп ишендире кетти. Кабарларга караганда, 66 жаштагы Виктор Зубков 1990-жылдары Санкт-Петербург шаарынын мэриясында Путиндин кол астында иштеген. Михаил Фрадков жаңыдан өкмөт башчы болуп дайындалганда, эксперттер ал убактылуу адам, чоң саясий роль ойной албайт деген пикирде болушкан. Эмки талапкер Зубков өткөөл өкмөттү башкарабы, убактылуу адамбы, же 1999-жылы Ельцин Путинди көшөгө артынан чыгаргандай, келечекте Кремлдин кожоюну болуп калабы? Азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG