Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: ПУТИН МУРДАГЫ ЧАЛГЫНЧЫ, АЛ КӨП САЯСИЙ ЫКМАЛАРДЫ БИЛЕТ


Россияда М. Фрадковдун өкмөтүнүн отставкага кетишин, жаңы премьерге Виктор Зубковдун талапкерлиги сунушталышын кыргызстандык саясатчылар алдыда турган шайлоолорго карата жүргүзүлгөн саясий маневр катары кабыл алышууда. «Россияда ар кандай саясий күчтөр көп, ар кандай сяасий күрөштөр башталды. Ошондуктан, ал группировкаларды башкача жасашы мүмкүн. Анткени, В. Путин өз убагында чалгынчы болуп иштегендиктен, көп ыкмаларды билет»,-деп билдирди Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» курган маегинде.

- Кечээ Орусиянын өкмөт башчысы алмашты, өз каалоосу менен Михаил Фрадков кетти. Путин Каржы мониторинги боюнча федералдык кызмат башчысы Виктор Зубковду сунуштап жатат. Путиндин мындай күтүүсүз тандоосуна сиз кандай көз караштасыз?

- 6-декабрда Мамлекеттик Думага шайлоо болот. Андан тышкары мартта президенттик шайлоо болот. Ошон үчүн азыр саясий маневр кылып, алдын алып даярдык көрүп атат менин оюмча Путин мырза.

- Путин өкмөткө Ивановду же Медведевди эмес, саясий аренада анча деле белгисиз башка адамды алып келип жатпайбы. Путин Ельциндин ыкмасын пайдаланышы мүмкүнбү. Маселен Зубковду келерки президенттике көрсөтүп же мураскор катары жарыялап дегендей?

- Албетте, андай болушу мүмкүн. Орусияда ар кандай саясий күчтөр көп. Биз сырттан байкасак ар кандай саясий күрөштөр бүгүнкү күндө башталды. Ошон үчүн топторду башкача жасашы мүмкүн. Анткени бул киши өз убагында чалгынчы болгондон кийин, көп ыкмаларды билет.

- Фрадковду президенттикке талапкерлердин катарына кошо алат белеңиз?

- Ал киши буга чейин Евросоюзга Орусиянын өкүлү болуп иштеген. Анын үстүнө бул киши саясий премьер катарында эмес, техникалык премьер катарында иштебедиби. Ошон үчүн менин оюмча бул киши талап болбойт. Анын үстүнө орден бербедиби, орден берген бул саясий аренадан кетти дегендин белгиси дипломатиялык түшүнүк боюнча.

- Орусиядагы кадрдык өзгөрүүлөр Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

- Азырынча президенттик шайлоого чейин таасир этпейт, менин оюмча. Биринчиден, албетте кайсы ведомствого кайсы министр келет ошол таасир этиши мүмкүн. Бирок мындай карасак, президенттик шайлоо өтмөюнчө чоң таасир этпейт. Президентке кандай фигура келет, ошондо гана таасир этет. Биринчиден, Орусиянын президенти кайсы топтон, түштүктү карайбы, же батышты карайбы ошого жараша, президенттин бийлиги күчтүү болгондон кийин президенттин өзүнүн личностуна карата болот. Экинчиден, биздин саясат канчалык туура жүрөт, саясий болобу, экономикалык болобу, гуманитардык жактан болобу, өзүбүз тарап кандай кадамдарды жасайт, ошого жараша болот.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG