Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

САЯСИЙ КҮРӨШ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТО УЛАНТЫЛАТ


Конституциялык сот 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков жана Мелис Эшимкановдун арыздарын карайт. Депутаттар арызында 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында кабыл алынган конституцияларды жокко чыгарууну талап кылууда.

Декабрь айында кабыл алынган Конституцияны жокко чыгаруу талабы менен «Арнамыс» партиясынын бир катар мүчөлөрү да Конституциялык сотко кайрылган. Сот арызды кароону 3-сентябрга белгилеп, бирок 14-сентябрга которуп койгон.

Конституциялык соттун аппарат башчысы Дамира Балкыбекованын 12-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Конституциялык сот депутаттардын жана «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрүнүн арызын бириктирип кароону чечти. Ошондуктан 14-сентябрда эки иш бириктирилип каралат.

Арыз ээлеринин бири Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабаеков «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Декабрь, ноябрда кабыл алынган Конституция жокко чыгарылсын деп жатабыз. Анткени, аларды кабыл алууда 2003-жылдын Конституциясынын 96 беренеси бузулган. Андан сырткары Жогорку Кеңештин «Регламенти» жөнүндөгү мыйзамдын 16 беренеси бузулган.

Кабай Карабековдун айтымында эми саясий күрөш эми митинг эмес, Конституциялык сотто уланат.

2003-жылы кабыл алынган Конституциянын 96 беренесинде «Бул Конституцияга өзгөртүү жана кошумчалар президент сунуштаган референдум аркылуу, президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат» деп жазылган. Бирок 2003-жылдын конституциясында жаңы редакция кандай кабыл алынаары жазылган эмес. Депутаттар 2006-жылы ноябрда жана декабрда Конституцияны кабыл алууда мына ушул жылчыкты пайдаланышкан.

Конституциялык сотто ноябрь жана декабрь конституцияларын коргоо үчүн Жогорку Кеңештин Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев президенттик администрациядан юридикалык бөлүмдүн башчысы Бектур Зулпуев бармакчы.

Исхак Масалиев Кабай Карабеков жана Мелис Эшимкановдун арызын негизсиз деп эсептейт:

-Негиз жок. Биринчиден, жок конституцияга кантип салыштырса болот. Ал Конституция күчүн жоготкон. Ноябрда өздөрү добуш берген. Декабрда ошондой эле процедуралар менен кабыл алганбыз. Ошондуктан булардын арыз менен кайрылуусуна негиз жок. Бул жерде алардын башка максаты болуш керек. Кабыл алууда мыйзам бузган жокпуз. Укуктук талаада аракеттендик. Ошону менен бирге анча-мынча саясий абалга жараша чечим кабыл алганбыз.

Ал эми президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев сот башталганга чейин эч нерсе айта албасын билдирди:

-Позициябызды сот жараяны учурунда айтабыз. Ал эми Конституциялык сот адилет жана калыс чечет деп ишенебиз.

Конституциялык сот 14-сентябрда саат 10:00 маселени кароону белгиледи. Бул арыздар каралгандан кийин быйылкы жылы апрель айында премьер-министр Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорду кароого жол ачылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG