Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:43

« ЭЛ АРАЛЫК ЫСЫККӨЛ ОЮНДАРЫ 2007» (Сүрөт баян)


Ысыккөл оюндары быйыл спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлүп, таймашууларга миңден ашуун спортчулар катышты. Жети күндүк мөөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунду Орусиянын спортчулары жеңип алышты. Алар 40 алтын, 25 күмүш, 28 коло медаль утуп алуу менен спорттук держава экендигин далилдешти. 2-орунду ээлеген Казакстандык спортчулар 27 алтын, 33 күмүш, 24 коло байгени олжолоп кетишти. Ал эми 3-орунга ээ болгон Кыргызстан 23 алтын, 32 күмүш, 34 коло медалын утуп алды. Кытайлыктар 4-орунга, түркмөнстандыктар 5-орунга, тажикстандыктар 6-орунга ээ болушту.



















XS
SM
MD
LG