Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

ЭЛЬМУРЗА САТЫБАЛДИЕВ: 19-АПРЕЛДЕГИ ТОПОЛОҢ ҮЧҮН ОППОЗИЦИЯ ЖООП БЕРИШИ КЕРЕК


19-апрелдеги Бишкектеги массалык тополоң боюнча Куловго козголгон кылмыш иштер саясый куугунтукка жатпайбы? Мындан сырткары Кыргызстандын түштүк аймагында күйдүргү же Сибирь жарасы жана ВИЧ илдетинин көбөйүшүнө себепкер болгон кызматкерлер жоопко тартылдыбы? Тогуз жылдан бери жертөлөөдө отурган, өлүм жазасына кеткендердин мындан аркы тагдыры тууралуу башкы прокурор эмне дейт. Мына ушундай жана башка суроолор менен кабарчыбыз Жаркын Суран кызы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдыевге кайрылып жооп алган.

-Элмурза мырза! Мына “Матрешка” окуясынын болгонуна да бир жылга жакындап калды. Сиз анда Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын орун басары, ошол эле мезгилде тергөө жагын башкарат элеңиз. Мына азыр башкы прокурорсуз.Тергөө Башкы прокуратурага өттү деген маалымат болду эле. Эмнеге бул иш бүтпөй жатат? Бул окуя Кыргызстан үчүн жакшы абийир алып келген жок. Ушундай окуялар дайыма эле басылып кала берсе теги Кыргызстанды кандай өлкө деп атаса болот?

--Башкы прокуратура тергеп, күнөөлүүлөр табылбай азыр биерде токтоп турат. Бардыгы Жаныш Бакиевди күнөөлөп чыгышты. Күнөөлөгөнүнүн себеби ортодо бир арыз чыга койду, Мамыров деген Жаныш Бакиев жолдомо берген ушундай жасайсын деп. Ал арызды мына экспертизадан өткөзүштү. Бул адам жазган эмес болуп чыкты. Андай арыздан кийин төртөө чыкты “мага тиги команда берген, бул команда берген” деп.
Мыйзам дейбиз, укуктук мамлекет дейбиз. Укуктук мамлекетте мыйзамы жакшы аткарыла турган өлкөдө баягый саясый тирешүүлөр катуу, күчтүү боло баштаганда мыйзам дагы, укуктук мамлекет дагы мыйзам жолунда жүрө албай калат окшойт. Закон менен укук четте калат дагы саясый тирешүүлөрдүн жыйынтыгы ушундай болот экен.

- 24-марттагы окуядан кийин бир топ чиновниктерге кылмыш иш козголгондугу айтылып келет. Бирок бардыгы жоопсуз калууда. Жыйынтыгы жок демекчи. Маселен мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге иш козголуп, ал Орусияга кетип калды дымып калды. Мында мыйзам алсызбы же мыйзамды иштеткендер алсызбы?

- Туура. Николай Танаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын өндүрүшүндө жатат. Сотко кетпей жатканынын себеби Николай Танаев эч жакка кетпейм деп камактан бошонуп алып, Россияга кетип калды. Ал жакка чакыруу жиберсек, ал жактагылар Россиянын жараны деп бизге жөнөтпөй
койду. Мыйзам ушундай.

- Эми 19-апрелдеги митинг боюнча Феликс Куловду күнөөлөп жатыпсыздар. Бул эски бийликтин жоругун кайталап, оппозицияга болгон куугунтук деп эсептелбейби? Бул жолку митингдин мурдагы митингдерге салыштырганда, айырмачылыгы эмнеде дейсиз?

-19-апрелдеги митингдин башка митингдерден айырмаланган жери, булар митингди өткөрөрдөн мурда “Бириккен фронт” түзүшкөн. Ошонун башында Феликс Кулов турган. Начальник штабы Өмурбек Субаналиевдер өздөрүн расмий жарыя кылып, мына бизге өз ыктыяры менен бийлик өтөт, митингдеги башаламандыктарга жоопкерчиликтүүбүз дешип жарыялаган эле. Анан тополоң чыкканда Абдырахманов Өмүрбек интернет аркылуу “митингдин жүрүш көзөмөлү биздин колубуздан чыгып кетти, биз жоопкерчиликти мойнубузга албайбыз” деп билдирүү таратты. Кокустук болсо ким жооп берет эле? Ошол себептен митингдин башчыларынын жоопкерчилиги суралат деп. Кылмыш иш козголгон. Куловго айыпкер катары иш козголгон жок. Тергелип жатат. Башаламандык өкүм сүрдү, ошого кимдир бирөө жооп бериш керек да. Жалпыга маалым болгондой, Бириккен фронт түзүлгөңдө анын башында Феликс Кулов турду. Бул митинг Бириккен фронттун ураанынын алдында уюштурулду. Ал фронттун жетекчиси элди чакырып алгандан кийин элдин башында туруш керек эле. Элдин коопсуздугун сакташ керек. Андай болгон жок да.

-Элмурза мырза! Мына Кыргызстандын түштүк аймагында Ноокатта жаш балдардын ВИЧ вирусуна кабылса, Өзгөндө Сибир жарасы чыгып коомчулукту кооптондуруп турган учур. Ушуга себептүү делген бирар кызматкерлердин жоопкерчилиги суралып, кылмыш жообуна тартылдыбы?

-Сибир жарасы боюнча Айыл жана суу чарба министрлигинде каралып, иликтенип жатат. Мени аябай ойлондурган нерсе - азыр бүт дүйнө жүзүнө трагедия болгон мына Ноокат районунда чыккан СПИД оорусу болууда. Ымыркайлар ак дүйнөгө ак келип эле кара так алып калышы абдан өкүнүчтүү. Мен ошол күнү эле Оштун облпрокуроруна буйрук бергенмин кылмыш иш козгогула деп врачтардын, медсестралардын үстүнөн. Өз учурунда Ош областтык ооруканада иштеп жүргөн кыздын мындай жосунсуз аракеттерин эч ким байкабаганын айтып, Ноокат районунун прокурорун иштен алдым. Албетте, күнөөлүүлөрду жоопко тартабыз.

Мен Ош облустук прокуратурага ишенбей, тергөө иштерди Башкы прокуратурага алып тергеп жатабыз. СПИД оорусун жугузуу булагын табуу татаал кыйын экен. Азыр экспертизага дайындап, оорулуулардын историяларын алдырдык, бир айга жеткирбей чара колдоном деп отурам.

- Элмурза мырза! Мен “Азаттыктын” кабарчысы катары жакында өлүм жазасына кеткендер менен баарлашып чыктым. Ошондой эле аялдар түрмөсүнө барып, олуттуу деген маселелерден кабардар болуп чыктым. Айрыкча, өлум жазасына кеткендердин жөн жеринен тогуз жылдан бери жертөлөдө отурам деген сөздөрдү укканда, ушунчалык адам баласы абадан эч кандай тоскоолдуксуз жутуп жүргөнүңдүн кадырын билбейт турбайсыңбы деп кейип тобо кылып кетесиң. Ал жерде 139 адам өлүм жазасына кеткен. Алардын жок дегенде отуз пайызы ак жеринен отурат деген сөздөр сиздерге таасир береби деги? Мына Таалай Бейшембиев, Марс Карабалаев, Рахматулло Туранов, Кытай жараны Бахром Алимов дегендер жазган каттарыбыз эч жерге жетпейт дешти. Ал каттарын мен сиздин колуңузга тапшырдым. Алардын акыйкат болоруна арткан ишеними аткарылабы?

- Бул сурооңуз туура. Өлүм жазасын алып салуу да ушул себептен болуш керек. Өлүм жазасына кеткендердин үстүнөн болгон кылмыш иштерди азыр жогорку сотко заключение менен өткөрүп жатабыз. Аты аталган адамдардын каттарын алдым. Көзүңүзчө бирөөгө тапшырдым. Албетте, тастыктоо керек. Жөн эле отура бересиңер деген да болбойт. Албетте, ар бир жетекчи арызга ар кандай мамиле кылат экен. Туура эмес жазаланган болсо сөзсүз Жогорку Сотко кайрылабыз. Жөн калбайт. Башкы прокурор катары убада берейин.

-Акыркы суроо сизге баш прокурор мырза. Ар бир жылы мунапыс жарыяланат. Түрмөдөгү адамдардын укуктары соңкү жылдары начарлап кетти деген сөздөр бар. Мунапыс түрмө аркылуу сатылат деген маалыматтар бар. Кээ биринин жазасын өтөө мөөнөтү бүткөн болот, айрымдарыныкы кыскартылат. Адамды абактан ары таптакыр тагдырларын талкалап салуу болбойт го дейм.

- Атайын прокуратура бар. Муну колго алышым керек экен. Ушундай фактылар жок деп айталбайм. Эгер ушундай арыздануулар мага тушсө чоң жазасын алышат.

- Ырахмат!

XS
SM
MD
LG