Көп улуттуу күчтөрдүн колбашчысы генерал Дэвид Петреус конгресстеги талкууларда коалициялык аскерлердин жана ирак армиясынын биргелешкен аракеттери Багдадда жана Ирактын башка райондорунда кооп-козголоңдун деңгээлин төмөндөткөнгө мүмкүндүк түзгөнүн белгилеп, америкалык контингенттин санын 30 миңге кыскартса болорун айткан эле. “Менимче, көп күч үрөп жетишкен коопсуздукка зыян келтирбей, эмдиги жылы жайга чейин аскерлерди кыскарта алабыз”,- деген эле генерал Петреус.
Бирок генералдын сунуштары оппозициядагы демократтарды анчейин ынанта алган жок. Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Гэрри Рид мындай план таптакыр “кабыл алгылыксыз” экенин айтып, кырдаалды кескин өзгөртүүгө чакырды. Бу максатта демократтар келерки аптада аскери чыгымдар боюнча мыйзамга жаңы түзөтүүлөрдү сунуш кылганы жатышат.
Генерал Петреустун планын сенатор Хиллари Клинтон катуу сынга алды. “Мындай кыскартууга кредит алуу эрте менен чыга турган күнгө кредит алгандай эле кеп болот”,- деп айтты ал.
Буштун бүгүнкү сөзү конгресстеги оппоненттерге кайтарылган жооп болмокчу. Коомчулукка ал кандай таасир калтырат, азырынча, албетте, айтыш кыйын. Бирок соңку иликтөөлөрдө америкалыктардын теңинен көбү Ирактагы согуш каталык болгонун, ал жакка кошумча аскер жөнөтүү жагдайды жакшырта албай турганын айтышкан. Ал эми британдык BBC,америкалык ABC жана япониялык NHK компанияларынын тапшырыгы менен Ирактын өзүндө өткөрүлгөн иликтөөдө жергилктүү калктын 60 проценттен ашыгы козголоңчулардын америкалык аскерлерге кол салып жатышканын туура көрүшкөн. Суралгандардын 70 проценти америкалык контингенттин көбөйтүлгөнү Ирактагы саясий ынтымакты бузду, экономикалык өнүгүүнү басаңдатты, дегеле абалды стабилдештирүү боюнча Вашингтондун жаңы стратегиясы толугу менен ойрондолду деп айтышкан. Ирактагы кырдаал жакшырганына калктын 29 проценти гана ишенет, бирок Иракта каркап коопсуздук орногончо америкалык аскерлер бул жерде калышы керек дегендердин саны 53 проценттен ашат.