Ош шаарында көп мандаттуу он округ түзүлгөн. Ар биринен үчтөн депутат шайланышы зарыл. Расмий маалымат боюнча 13-сентябрга карата 92 талапкер каттодон өттү. Анын 60 кыргыз, 31 өзбек, бирөө орус улутунан. Жалпы атаандаштардын 12си аял. Жаш курагы 25-35 жаштагылар – 9; 36-49 жаштагылар – 31; 50-60 жаштагылар – 52 адамды түзөт. Саясий таймашка «Содружество» партиясынын - 9, «Эмгек жана биримдик» партиясынын – 16, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын – 7 өкүлү катышууда.
Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев учурдагы шайлоонун өзгөчөлөктөрүнө токтолуп, электорат активдүүлүгү кыйла өскөндүгүн, талапкерлердин арасында күчтүү инсандар бардыгын белгиледи:
- 2003-жылы декларация суралган эле. Азыр мыйзам чегинде декларацияны алып таштаган. Экинчиси үч мандаттуу шайлоо, бир шайлоочу үч адамга добуш берет. Шайлоо мурдагыга караганда активдүү жүрүүдө. Элдердин саясий деңгээли, шаардын социалдык-экономикалык турмушу көтөрүүгө бир канча күчтүү талапкерлер келип атат, - дейт Мухтар Пайзилдаев.
«Ата журт» партиясынын мүчөсү Базарбай Сөлпиев округдар айрым талапкерлерге ылайыкташтырылып бөлүштүрүлгөндүгүнө, кыргыз улутундагы жарандардын укуктары тебеленип жаткандыгына, күрөө маселеси кендирди кескендигине ичи ачышты:
- Округдарды бөлүү структурасы туура эмес болгон быйыл. Ким өзүнө ыңгайлуу участок болсо ошого карашат. Шаардык депутаттардын мурдагы созывында болгон катасы оркоюп бүгүнкү күндө көрүнүп турат. Кыргыз мамлекетинде жашап туруп кыргыз жарандарына тескери мыйзамдарынын чыгышы, укуктарынын тебелениши, башка бир улутка жалыгып ошолордун артынан ээрчиши абдан өкүндүрөт. Залог маселеси туура эмес. 30-40 депутаттын 17-18 миң акчасынан бир жердин чоң проблемасын чечип, же болбосо чоң жыртыкты жаба турган нерсе эмес да, - деди Базарбай Сөлпиев.
Жергиликтүү талдоочу Керим Макеев саясий уюмдардын орду коомдо чабалдыгын, улут-улут болуп жиктешүү бардыгын, бу сапар бийликке ыктаган “Эмгек жана биримдик”, «Жаңы Кыргызстан» партиялары утукка ээ болбостугун, жаштар парламентке аз умтулганын, күрөө боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевдин позициясын колдоорун билдирди:
- Саясий партиялардын орду өтө деле күчтүү эмес. Шаарда өзбек туургандар көпчүлүк басымдуулык кылып турат. Ошондуктан ич ара бөлүнүү бар. Азыр карапайым элден кандидат жок. Текебаевдин жергиликтүү депутаттардын күрөө төлөө жагын алып салалы. Себеби акчалуулар өтүп, карапайым элдин атынан сүйлөй турган депутаттар азыраак болот деген максатты алып чыкпады, - дейт Керим Макеев.
Агартуу тармагынын өкүлү Гүлайым Толубаева аялдарга мамлекет квота бермейинче, Жогорку жана жергиликтүү кеңештерге айымдардын шайланышы кыйындыгынан шек санабайт:
- Жергиликтүү, Жогорку Кеңештерге шайлоодо аялдардага жеңилдиктерди бериш керек. Азыркы мезгилде аялдар менен эркектер тең укуктуу болбой атат, - дейт Гүлайым Толубаева.
Ош шаардык Кеңешинин мурунку депутаты Орозбек Акимбаев Жогорку Кеңеш 2007-жылы февралда кабыл алган «Жергиликтүү Кеңештер жөнүндөгү» мыйзам корпоративдик кызыкчылыктын жүзөгө ашуусуна өбөлгө түзөөрүун, шаардык парламентке жалаң байлар келээрин, түпкү улуттун укугу катуу тебеленээрин эскертти:
- Жогорку Кеңеш тарабынан 2007-жылдын февраль айында кабыл алынган мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттыгына мамлекеттик жана муниципалдык адамдардын бардыгы депутаттыкка өткөн болсо ишин тапшырыш керек деген норма кабыл алынган. Бул жеткиликтүү ойлонулбай туруп кабыл алынган норма. Азыр депутаттыка базаркомдор, кафе, ресторандардын жетекчилери келет. Ош шаарындагы шайлоодо каалайбызбы-каалабайбызбы улуттар ортосундагы маселелер да козголот, - деди Орозбек Акимбаев.
Кошумчалай турган жагдай: Ош шаардык Кеңешинин мурунку курамы 19 кыргыз, 11 өзбек депутатынан куралган эле. Анын үчөө аял, дагы жетөөсү «Менин өлкөм» партиясынын мүчөлөрү болгон.