Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ: АКСЫДА БИЙЛИК АТАЙЫ МАКСАТ МЕНЕН КАН ТӨККӨН


«Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев мамлекеттик төрөлөрдөн кол тийбестик укугун таптакыр алып салууга чакырууда, бирок ошол эле учурда ал Аксы окуясында Бакиевди айыптап жаткандарга кошулбайт.

- Бүгүн Дооронбек Садырбаев жетектеген парламенттик комиссия Аксы окуясы боюнча отчетун депутаттарга угузганы турат. Ага өзүңүз деле байкоо жүргүзүп жаткандырсыз. Алдын ала маалымдалганга караганда 41 мамлекеттик кызматкерди жоопко тартуу сунушталып жатыптыр. Мындан тышкары элдин жүрүш жасоо укугун камсыздабагандыгы үчүн деп экс-президент Аскар Акаевди жана азыркы президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратып жоопко тартуу сунушталып жатыптыр. Парламенттик комиссиянын мындай бүтүмү сизди канчалык деңгээлде ынандыра алат?

- Азыркы, кечээги Кыргызстандагы өзгөчө мамлекеттик башкарууда көшөгө болуп кеткен алдым-жуттумдун, коррупциянын көшөгөсү болуп кеткен кол тийбестикти бардыгынан алыш керек, президенттен, депутаттардан жана соттордон. Себеби Аксы окуясы бул катардагы жөнөкөй окуя эмес. Бул тарыхый трагедия. Ошол трагедиянын баш күнөөлүүсү Акаевдин дагы кол тийбестиги бар. Ошондуктан ал ушул күнгө чейин сот жообуна тартыла элек. Ошондуктан “Эркиндик” партиясы кол тийбестикти мүмкүн элдик референдум өткөрүп туруп, Жогорку Кеңешти таркатуу, жаңы Конституцияны кабыл алуу жана кол тийбестикти бардыгынан шыпыруу маселесин коюп атат.

Экинчиден, Аксы окуясынын бир топ маселелери ушул күнгө чейин чечиле элек. Ошол 17-18-19-март күндөрү 2003-жылдагы кокустуктан ок атылып кеткенби, же атайын мурдатан даярдалганбы деген суроого ушул күнгө чейин жооп жок. Ал эми коомдук көз каранды эмес комиссия ошондо эле 2002-жылдын күзүндө жооп берген, бул кокус эмес, Акаевдер тараптан атайын даярдалган деп. Себеби акысылыктар уламдан улам чыгып атат, аксылыктардын деми, кайрат күчү бүтүндөй Кыргызстанга таркап кетсе анда авторитардык бийлик ашмалтайы чыгып калганын, элдин кадыр-баркына таптакыр ажыраган бийликти кууратат го деген коркуу сезими менен аксылыктарды чөгөлөтөбүз, беш-алтоону атабыз, анан “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей бүтүндөй кыргыз, башкалар да коркуп калат дегендей арам ой менен ошол иш болгон.

- Аскар Акаевди күнөөкөр катары сиз катышкан коомдук комиссия атаган, эми бул комиссия Акаевге кошуп Курманбек Бакиевди да атап атпайбы. Бул жерде кээ бир башка уюмдар “Тайфун” операциясы менен да байланыштырып жатышат. Сиздин көз карашыңыз кандай?

- Биринчиден, 2002-жылдын октябрь айында Курманбек Бакиев Алабука, Аксыда депутаттыкка коюп атканда мен жана Бекен Назаралиев экөөбүз жолукканбыз. Ошондо мен суроо бергем, биздин коомдук комиссиянын тыянагы боюнча сиз башкы министр болуп турганда дагы күнөөлүсүз. Сиздин күнөөңүз баш министр болуп туруп ошол трагедияны токтото албагансыз дегенде, ал киши мындай жооп берген: 10-16-мартка чейин күнүгө кечинде иш бүткөндөн кийин Акаевде жети адам чогулуп турган, Карыпкулов бардыгын чогулутуп турган, Абышкаев, Акматалиев, Калык мырза жана башкаларды. Ал эми Бакиев бул биздин адам эмес, буга ишенбейбиз деп алар кошпой койгон. Эмне үчүн Карыпкулов 15-март түнү уламдан-улам телефон чалып, Дубанаев эки жолу, Акматалиев эки жолу телефон чалып туруп одоно түрүндө Урманаевге тыюу салган Каражыгачтагы чогулушка барбагың деп. Себеби алар чечим кабыл алган, “аксылыктар чыга берсин, биз атабыз” деп. “Тайфун” деген операциясы бул совет доорунун 30-жылдарында пайда болгон экен. Ал операцияда адамдар тынчтык иретинде чыкса атууга уруксат бар деген жери бар экен, мен аны окугам өзүм.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова

XS
SM
MD
LG