Ирактагы согушту колдойбу же ага каршыбы,кандай болгон күндө да көпчүлүк америкалыктар аскерлердин ал жактан кайтышын каалай турганын Буш моюнга алды. Бирок бу маселе Ирактагы иштерге жараша болорун да кайталап эске салды. ”Канчалык көп ийгиликтерге жетишсек, Ирактан ошончо көп солдат үйүнө кайтат”,- деп айтты Буш.
Генерал Петреус менен элчи Крокердин конгресстеги отчетуна таянып, Буш Ирактагы стратегия үзүрүн бере баштаганын, Анвар провинциясы, мисалы, биротоло “ал-каидачылардын” оккупациясынан бошотулганын атап өттү.
Буш жарыялаган планга ылайык, быйыл жыл этегине чейин Ирактан 5700 жоокер үйүнө кайтарылат. Келерки жылдын ортосуна чейин дагы 21 миңдей контингент чыгарылат. Бирок Буш Ирактан контингентти түгөл чыгарууну талап кылып жатышкан демократтардын сунуштарын четке какты. Мындай болгондо Иракта гуманитардык кыямат башталат, деп айтты ал.
Багдад өкмөтү өлкөнү саясий жактан бириктирүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда чабал иштеп жатканын моюнга алып, Буш ошол эле учурда Ирактын улуттук лидерлери айрым иштерди жасаганга жетишкенин да белгилеп кетти. Буга мисал кылып, өлкөнүн бюджети кабыл алынганын,мунай сатыгынан түшкөн киреше аймактарга үлөштүрүлүп жатканын, мурдагы аскери кадрлар армияга алынып, элге пенсия төлөнө баштаганын атап өттү.
Буштун сөзүнө жооп кайтарып,демократтардын өкүлү Жэк Рид президент согушту токтотуунун дагы бир мүмкүндүгүн колдон чыгарганын билдирди. Буш бир жагынан ветерандар менен балдардын муктаждыктарына акча жетпей жатканын айтып, ошол эле учурда Ирактагы уруш үчүн айына он миллиард доллар сарп кылып жатканын кабыл алганга болбойт, деп айтты ал. Сенатор америкалык аскерлер ар кандай душманды жеңе аларына айныбай ишенет.Ошол эле учурда Ирактын түпкү проблемасы аскери маанидеги эмес, саясий пландагы иш экенин дамамат айтып келаткан генерал Петреустун сөзүн эске салып,сенатор биринчи кезекте бул өлкөнүн лидерлери ички талаштарын жөнгө салуу боюнча бекем мунасага келиши керектигин белгиледи. Иракта туруктуу абал түзүүнүн бирден бир жолу мына ушунда, деп айтты сенатор Рид.
Демократтардын дагы бир өкүлү Жон Эдвардстын айтымында,президентте мурда маанилүү үч нерсе – “убакыт,акча жана актануу мүмкүндүгү болгон”, эми алардын эчтемеси калган жок.
Буштун мындай сөздөрүнө бышы кулак болуп бүткөн карапайым америкалыктар деле мурдагы пикиринде калышты. Алардын бири президент эбак ойрону чыккан саясатын улантканы дагы кошумча акча, убакыт сурап отурганына таң калып, ага Ирактан кайтпай калган солдаттар аз көрүнүп жаткан окшобойбу деп айтты ачууланып.