Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

КАЗАКСТАНДЫН БОРБОР АЗИЯДАГЫ ЗОБОЛОСУ ӨСҮҮДӨ


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ушул аптада Тажикстан менен Түркмөнстанда болду. Назарбаевдин сүйлөшүүлөрү негизинен экономикалык маселелердин айланасында жүрдү. Бул визиттер Казакстандын Борбор Азиядагы таасиринин өсүшүнүн белгиси катары каралууда. Өлкө азырынча негизинен экономикалык инвеcтициялар менен чектелип, коңшу өлкөлөрдүн социалдык турукташуусуна көп көңүл бура элек.

Казакстан эбактан эле Борбор Азиядагы лидерликке далалаттанып келген. Өлкө бүгүн бул максатына жетип калды деп айтууга болот. Экономикасы жылына 10 пайызга өсүп, мунай-газдын эсебинен казак компаниялары коңшу өлкөлөргө инвестиция салууга даремети жете баштады.

Дүйшөмбү калаасында 13-сентябрда Назарбаев Тажикстанга дан азыктарын жиберүүгө сөз берди. Назарбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон ошондой эле Казакстан 80 пайызын кошо турган биргелешкен инвестициялык кор түзүүгө макулдашышты:

– Биз 100 миллион доллардык атайын инвестиция корун түзүүгө кол алыштык. Анын басымдуу бөлүгүн казак тарап камсыз кылат. Кор тажик экономикасына кызмат өтөйт. Бул жакшы колдоо болот деп ишенем.

Ал ошондой эле Казакстан Тажикстандын түндүгүндөгү Нуробод гидро-электр ишканасынын курулушун каржылоого даяр экендигин маалымдады.

Эмомали Рахмондун сөзү боюнча, казак-тажик соодасы быйыл жети айда өткөн жылга салыштырмалуу 57 пайызга өскөн.

12-сентябрда Назарбаев Ашхабадга барганда да экономикалык маселелер биринчи орунда болду. Түркмөн президенти Гурбангули Бердымухаммедов Казакстан менен экономикалык кызматташтыкты "приоритеттик аспект" деп мүнөздөдү. Назарбаев менен Бердымухамедов ошондой эле түркмөн газын казак талаалары аркылуу ташуучу газ куурун курууну талкуулашты. Казакстандын мунай компаниялары Түркмөнстандын мунай кендерин казууга акча салууга да кызыгуу билдиришти. Эки тарап мындан тышкары Казакстандан түркмөн жергеси аркылуу Иранга өтүүчү Өзөн-Гызылгая-Берекет-Этрек-Горган темир жолун сөз кылышты.

Казакстандын аймактык экономикалык мүдөөлөрү Тажикстан жана Түркмөнстан менен эле чектелбейт. Акыркы жылдары казак ишканалары Кыргызстандын банк секторуна кыйла капитал салышты.

Москвадагы Эл аралык алакалар институтунун профессору Сергей Лузяниндин пикиринде, Назарбаевдин соңку сапарларын Астананын аймактык лидер катары таанылуу далалаты катары кароого болот:

– Булардын баары Астана таасирдин борбору болгусу келээрин далилдейт. Чындыгында ал мындай борбор болуп калды. Кыргызстан менен Тажикстан Казакстан менен кызматташкысы келет. Бирок Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр Астананын демилгелерине сактык менен мамиле кылат. Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда атаандаштык жана кызганчаактык болуп келген. Ташкен Астананы көп сынга алат. Бул эски, көнүмүш болуп калган карама-каршылыктын белгиси.

Казакстандын мамлекеттик жана жеке менчик ишканалары коңшу өлкөлөрдүн энергетика, курулуш жана тейлөө тармактарына инвестиция салууга куштар, салып да жатышат. Бирок Казакстан менен коңшулаш өлкөлөрдүн ортосунда материалдык айырмачылык тереңдеген сайын аймактагы стабилдүүлүккө да коркунуч өсөт. Ошондуктан Лузянин Казакстан коңшуларына инвестиция гана салбастан, "ооруканалар, мектеп, жолдорду да курууга жардам берсе" болмок дейт.

XS
SM
MD
LG