Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:34

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ ООРЛОП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык кызыл чырым уюмунун айтымында, Ооганстандагы алаамат күчөп баратат жана куралдуу кагылышуулар азыр өлкө аймагынын жарымында болуп жатат. Мындай абалда эл аралык гуманитардык уюмдардын мааниси өтө жогору болууда.

Эл аралык кызыл чырым уюмунун Кабул шаарындагы өкүлү Рето Стокер 13-сентябрда Женева шаарында чыгып сүйлөп, журналисттерге Оооганстандагы абал тууралуу айтып берди. Анын билдиргенине караганда, өлкөдөгү куралдуу кагылышуулар акыркы мезгилде күчөдү жана азыр өлкө аймагынын жарымын гана коопсуз деп эсептесе болот.

Мындай абалда карапайым эл арасындагы чыгашалар дагы көбөйүүдө, алардын эки негизги себеби деп Стокер - өкмөттүк күчтөргө каршы согушкандар жиберген жанкечтилер эл арасына кирип, өздөрүн өзү жардырып жиберип жатканын жана аларга каршы аракет көрүп жаткан НАТО аскерлеринин бомбалоолорун атады.

Кызыл Чырым уюмунун басма сөз өкүлү Карла Хаддад дагы "Азаттыктын" кабарчысы Жереми Бранстен менен сүйлөшкөндө, Ооганстандагы абал өтө оор экенин билдирди: "Ооганстанда азыр кандайдыр өнүгүү жөнүндө айтуу кыйын. Биз кайрадан өтө оор абалдабыз, адамдын турмушу үчүн керектүү эң негизги нерселер жок", - дейт Хаддад.

Натыйжада айрым аймактарга эл аралык уюмдар гуманитрадык жардам дагы жеткире албай калып жатат: "Коопсуздуктун жоктугу жана бейстабилдүүлүк Ооганстандын карапайым тургундарынын кеңири катмарларынын турмушуна терс таасир тийгизүүдө. Андан тышкары, мындай абал - алыскы аймактарга гуманитардык жардам жеткирүүгө да орчундуу тоскоол болуп жатат. Ал жердегилер болсо медициналык жана башка жардам менен колдоого өтө муктаж", - дейт Хаддад.

Мындай оор абалда эл аралык гуманитардык уюмдардын мааниси өтө жогору жана өзгөчө - Кызыл чырым сыяктуу толук бейтарап уюмдар жогору кадыр-баркка ээ: "Биздин уюм катышкан акыркы окуяларды карап көрсөңүздөр, Түштүк Кореядан келип, барымтага алынып кеткен 21 адамдын маселесин өзгөчө атаса болот. Аларды туткунга алган куралдуу топтор менен байланыш түзгөндө, Кызыл чырым уюму толук нейтралдуу аракеттенип, ортомчу болуп берди. Биздин уюм - кагылышууларга катышкан бардык тараптар менен бирдей мамиле түзүп, Женева конвенцияларынын шарттарына жараша аракеттенүүгө умтулат", - деп билдирди Хаддад.

Ошондуктан, уюмдун Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Рето Стокердин айтымында, келерки жылдагы өлкөдөгү аракеттеринин бюджетин уюм 30 пайызга көбөйтүүнү чечти жана аны 48 миллион долларга жеткирет. Анын айтымында, абал улам оорлоп бараткандыктан, Кызыл чырым сыяктуу уюмдардын мааниси менен жоопкерчилиги дагы өтө жогорулап баратат.

XS
SM
MD
LG