Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУН ЧЕЧИМИ МЫЙЗАМГА КАРШЫ КЕЛЕТ


Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Конституциялык соттун 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айындагы баш мыйзамдын долбоорлорун жокко чыгарган чечимин мыйзамга каршы келет деп эсептейт. Анткени баш мыйзамдын ноябрь жана декабрь айларындагы долбоорлору курч кырдаалдан улам кабыл алынган, саясий чечим болуп саналат. «Мындай кадамдарга барууда биз Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Конституциялык сот аны жокко чыгарбашы керек эле. Негизи 2003-жылкы конституция деле 1993-жылкы конституцияга каршы келет. Ал өз кезегинде андан мурдакыга каршы келет. Кеп ошол учурдагы саясий чечим кабыл алынганында»,- дейт А.Бекназаров.

Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңеш баш мыйзам маселесин талкуулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди. 14-сентябрда Конституциялык сот Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков менен Мелис Эшимкановдун 2006-жылкы конституцияларды жокко чыгаруу тууралуу арызын карап, ошол эле күнү аны канааттандырган чечим чыгарган. Натыйжада Кыргызстан автоматтык түрдө 2003-жылдагы коституцияга барып такалды. (IJz)

XS
SM
MD
LG