Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

АКШда ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ ДЕМОНСТРАЦИЯ ӨТТҮ


Апта соңунда, атап айтканда ишемби күнү Вашингтондо Ирактан америкалык аскерлерди чыгарууну талап кылган демонстрация өттү. Анын 200дөй катышуучусу полиция тарабынан камакка алынган. Вашингтондо бул күнү Ирактагы согушту жактагандардын чакан тобу да чогулду. Президент Жорж Буш болсо апталык радиокайрылуусунда Ирактан аскерлерди дароо чыгаруу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын кайрадан эскертти.

Ирактан аскерлерди тезинен чыгарууну талап кылган миңдеген америкалыктар Ак үйдөн Конгресстин имараты - Капитолийди көздөй жүрүш жасашты. Демонстранттардын бири Якоб Бергер Ирактан аскерлерди чыгаруу үчүн азыр АКШда өткөн кылымдын 60-70-жылдары Вьетнам согушуна каршы жаралгандай кыймыл түзүү зарыл деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндүн башкы проблемасы – апатия. Адамдардын көбү алар дүйнөдө эч кандай өзгөртүү жасай албай тургандай сезип жатышат. Бул өтө оор деп ойлошууда. Биз бул жерде өзгөртө аларбызды далилдешибиз керек. Биз эл мурда Вьетнамда аракеттенгендей болуп биригишибиз абзел. Биз Вьетнамдан ошондой жол менен чыкканбыз. Ушул жүйөөдөн улам биз Ирактан чыгуу үчүн да аракеттенип жатабыз.

Жүрүш учурунда айрым демонстранттар президент Жорж Бушка импичмент жарыялоо чакырыктарын да жасашты. Полиция Капитолийдин айланасынан 190дон ашуун адамды камаганын маалымдады. Демонстранттардын тобу тосмолорду бузуп, Конгресстин имаратына кирүүгө умтулганда, полиция аларды таратуу үчүн калемпир аралашкан суюктук колдонду.

Бул күнү Вашингтодо президент Буштун Ирактагы саясатын жактагандардын чакан тобу да чогулуп, контрдемонстрация өткөрүштү.

Ишембидеги нааразылык акциялары АКШ Конгрессинде апта башындагы угуулардан кийин болуп олтурат. Конгрессте көрсөтмө берген учурунда Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Дэвид Петреус жана жана өлкөнүн Багдадагы элчиси Раян Крокер бул жакта америкалык аскерлердин санынын көбөйтүлүшү коопсуздуктун жакшырышына салым кошконун белгилешкен эле.

Ал эми президент Буш апта соңундагы салттык радиокайрылуусунда генерал Петреустун келерки жайга карата, эгер жагдай мүмкүндүк берсе, Ирактага америкалык аскерлердин санын 30 миңге кыскартуу жөнүндөгү сунушун кабыл алганын билдирди. Буш Ирак борбору Багдадды, Анбар жана Дияала провинцияларын оң жылыштар көрүнө баштаган аймактар катары атап, бирок аскерлерди тез чыгаруу АКШнын өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын кайрадан эскертти:

- Эркин Ирактын ийгилиги АКШнын коопсуздугу үчүн чечүүчү мааниге ээ. Эгер биз Ирактан кетүүгө мажбур болсок, ал жерде экстремисттердин баардык түрү дароо жанданат. "Аль-каида" жаңы адамдарды, жаңы жайларды табат. Иши оңунан чыкпай калган Ирак биздин аскерлердин кайсыл бир убакта ал жакка кайтып келип, азыркыдан да айгышкан жана ырайымсыз экстремисстерге каршы туруу ыктымалдуулугун күчөтүшү мүмкүн.

Президент Жорж Буштун ырастосунда, эркин Ирак "Аль-Каиданы" кабыл албайт жана коңшу Ирандын "бузуку амбицияларына" каршы турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG