Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

ОРУС-ЧЕЧЕН ДОСТУК КООМУ ЭМНЕ ҮЧҮН ВЕНАГА БАРБАЙ КАЛДЫ?


Орус-чечен достук коому терроризмдин курмандыктарына арналган Вена конференциясына катыштырылган жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун мындай чечимин АКШлык делегация “акылга сыйбас окуя” деп баалап, жыйынды таштап кетти. ЕККУнун учурдагы төрагасы- Испания “Россия катуу каршылык көрсөткөнгө” байланыштуу бейөкмөттүк уюмду конференцияга чакырбай койгону ырасмий түрдө маалымдалды.

Орус-чечен достук коому террорчулуктун курмандыктарына арналып, 13-14-сентябрда Венада өткөн жыйынга катышпай калуусу АКШнын башындагы бир катар өлкөлөрдү нааразы кылды. Кошмо Штаттардын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмундагы миссиясынын саясый өкүлү Крис Сибилланын маалымдашынча, бейөкмөтүк уюмдун жыйынга катышпай калуусуна америкалык өкүлдөр “аябай кабатыр болуп, ырасмий түрдө нааразылык билдирди».

Коомдун башчысы Оксана Челышеванын “Азаттык” радиосунун Түндүк Кавказ кызматына берген интервьюда айтышынча, анын уюму конференцияга катышууга ЕККУдан чакыруу алган эмес:

- ЕККУнун иш эрежесине каршы, Испаниянын делегациясы башка улуттурдын өкүлдөрү менен масилеттешпей туруп, биздин коомду жыйынга чакырбоо жөнүндө чечим кабыл алган. Алар россиялык делегациянын өтүнүчүн ушунтип канааттандырган.

Испания- Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы. ЕККУнун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Урдур Гуннарсдоттир айым “Россия олуттуу каршылык көрсөткөнгө” байланыштуу орус- чечен достук коому жыйынга чакырылбай калганын да тастыктады. Ал эми АКШда адам укугунун абалына мониторинг жүргүзгөн Хельсинки комиссиясынын төрагасы Алки Хастинг “Фактылар өзү айтып турат. Испания бейөкмөттүк уюмду береги жыйынга чакырбай, Россиянын колду буроо тактикасына баш ийип берди”,- деп деп билдирди.

Оксана Челышеванын айтышынча, бир тараптуу чечимге нааразылык иретинде АКШлык делегацияга катар Канада, Португалия жана Норвегиянын өкүлдөрү да терроризм курмандыктарына арналган Венадагы жыйынга катышпай койгон.

Орус-чечен достук коомун былтыр октябрда Нижний Новгород шаарынын соту экстремисттик уюм деп таап, ишмердүүлүгүнө тыйуу салган. Бул өкүмдү Россиянын Жогорку соту колдогон.

Бейөкмөттүк уюм россиялык аскерлердин жана кремлчил чечен бийликтеринин жарандарды уруп- кыйноолору, өлтүрүүлөрү жөнүндө маалымат топтойт.

Адам укугун коргоочу уюмдар орус-чечен достук коомунун жабылышын Кремлдин сынчыларынын оозун жабуу аракети катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG