Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

КОЛ ЖООЛУК КОНСТИТУЦИЯЛАР


Кыргызстан кайрадан 2003-жылкы Конституция менен жашап калды. Эми бийлик органдары мына ошол башкы мыйзамда каралган тартипке ылайык түзүлүш керек. Ошол эле мезгилде коомчулук 19-сентябрга белгиленген калкка кайрылуусунда президент конституциялык реформа боюнча кандай ойду айтат деген күтүүдө турат.

Өлкөдөгү юристтер, Жогорку Кеңештин депутаттары ноябрь жана декабрь конституциялары жокко чыгарылгандан кийинки укуктук кырдаалды аныктап-тактоонун үстүндө баш катырууда. Парламент бул үчүн 17-сентябрда фракцияларда кеңешүүгө тарап кетти. Алар 18-сентябрда укуктук абалды талкуулоого чогулушат.

Конституциялык соттун чечими болсо өлкөнү 2003-жылкы Конституцияга кайрып келди. Муну Конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариев тастыктады:

-Ооба, ооба токтоосуз түрдө ошондой болот. Жарандык укукта юридикалык термин бар «биринчи абалга келүү» деген. Ошого келди да.

Кененсариевдин маалыматы боюнча, 18-сентябрда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова парламентке келип, Конституциялык соттун чечими тууралуу айтып берет.

Ошентип Конституциялык сот өлкөнү 2003-жылкы Конституцияга алып келди. Бийлик бутактарынын структурасы, ыйгарым-укуктары да эми ошого ылайык түзүлүш керек.

2003-жылкы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеште 7 гана комитет болуш керек. Азыркы кезде болсо декабрь Конституциясында чек коюлбагандыктан парламентте 14 комитет, үч комиссия бар.

2003-жылкы Конституцияга ылайык министрлерди дайындоого Жогорку Кеңеш макулдук бериш керек. Ошондуктан өкмөттү дайындоо маселеси да турат дейт Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Исхак Масалиев:

-Учурда дайындалганы туура эле. Эч кандай карама-каршылык жок. Эми (Конституциялык соттун) чечим чыккандан кийин биз мыйзамга ылайыкташтырышыбыз керек. Мындан аркы чечимдери (өкмөттүн) мыйзамга туура келиш үчүн, легитимдүү болуш үчүн биз сөзсүз түрдө тартипке келтиришибиз керек. Ошондой талап коюлуп жатат.

Конституциялык Соттун чечимин кескин сынга алган депутат Кубатбек Байболов Кабай Карабеков жана Мелис Эшимканов Акүйдүн көрсөтмөсү менен Конституциялык Сотко арыз менен кайрылды деп эсептейт. Анын пикиринде, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь Конституциялары жокко чыгарылгандан кийин ал Конституциянын негизинде болгон дайындоолор, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу күмөндүү:

-Өкмөт толук курамы менен жараксыз деп табылыш керек. Жогорку Кеңештин комитеттери жоюлуш керек. Адилет сот боюнча Улуттук комиссия, энергетика боюнча чечимдер, айтоор көптөгөн чоң-чоң чечимдер Конституцияга каршы келет деген чечим чыгарылыш керек.

Кубатбек Байболовдун айтымында, Конституциялык Соттун үч судьясы да декабрь Конституциясына ылайык шайланган. Демек, алардын дайындалышынын мыйзамдуулугу да суроо астында калууда.

Конституциялык Сотко арыз берген Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, өлкө 2003-жылкы Конституция менен кыска мөөткө эле жашайт. Ошондуктан көпчүлүктүн көңүлү учурда президентке бурулуп турат. Ал 19-сентябрдагы калкка кайрылуусунда конституциялык реформа тууралуу ачык, так жоопторду бериш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG