Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

КАБАЙ КАРАБЕКОВ: БИР ЖЫЛДАЙ АНАРХИЯЛЫК ШАРТТА ЖАШАДЫК


Жогорку Кеңеш шейшембиде Конституциялык Соттун чечимин кезексиз талкуулоо боюнча чечим кабыл алды. Баш мыйзамдын декабрдагы редакциясын жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүп чыккандардын бири Кабай Карабеков бир жылдан бери өлкөдө өкүм сүргөн мыйзамсыздыкка Конституциялык Сот чекит койгонун билдирди. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, 2003-жылдагы Конституция кайрадан күчүнө келгени менен укуктук жактан бир катар баш аламандыктар пайда болот.

Парламент депутаты Кабай Карабеков Баш мыйзамдын өткөн жылы декабрда жаңы редакциясы кабыл алынгандан бери Кыргыз мамлекетинде мыйзамсыздык, укуктук баш аламандык өкүм сүрүп, анархиянын шартында жашап, Конституциялык кризис болуп келгенин билдирди.

-Биз бир жылдан бери баш аламандыкта жашап атабыз. Мына эми баш аламандыктан чыгалы деп жатабыз. Ушул анархияга Конституциялык Сот өткөн жумада чекит койду.

Кабай Карабеков Баш мыйзамдын декабрдагы редакциясын жокко чыгаруу тууралуу Конституциялык Соттун чечиминен кийин мыйзамдуу жол менен жаңы негизги мыйзамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк пайда болду, деп эсептейт.

Ал эми парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин көз карашында 2005-жылдын март айынан бери Кыргызстан укуктук кризиске кептелгени аз келгенсип, Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен Баш мыйзамдын декабрдагы жаңы редакциясын кабыл алган. Эми Конситуциялык Соттун чечиминен кийин күчүнө кирген 2003-жылдагы Конституция бир катар баш аламандыктарды пайда кылат.

-Эң негизгиси биз 2003-жылдагы Конституция күчүнө кирди дегенибиз менен андан бир топ баш аламандыктар пайда болот. Мисалы, Конституциялык соттун шайланган үч судьясы декабрдагы Конституция боюнча он беш жылга шайланышкан. Ал эми 2003-жылдагы Баш мыйзам боюнча алар он жылга шайланышы керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн макамдары так эмес. Бийлик референдум өткөрөбүз деп атпайбы.Мына ушунун өзү референдум өткөрүүгө күмөн жаратат.

Текебаев белгилегендей, өзгөчө түштүк аймагындагы шайлоочулардын жарымынан көбү чет мамлекеттерде жүргөндүктөн жаңы Конституцияны референдум аркылуу кабыл алууга мүмкүн эмес. Эгерде бийлик референдумду күчтөп өткөрсө, анда бийлик легитимсиз экендигин айгинелейт.

Ал ошондой эле Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөлөрүн, өкмөттүн курамын, Жогорку Соттун судьяларын парламентте кайрадан кароо зарылдыгы келип чгарын белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун айтымында, Баш мыйзамдын ноябрь-декабрда кабыл алынган редакциясынын Конституциялык сот тарабынан жокко чыгаруу чечими парламентке келе элек. Бирок буга байланыштуу парламенттин чечимдерин кайра кароо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма бергенин билдирди.

-Юристтер бардыгын карап чыгып, изилдеп эртеңкиге чейин бүт тыянактарын даярдап койсун дедим. Эми азыр биз кандайдыр иштесек, бир нече мыйзамдарды кабыл алсак. Конституцияга дал келбейт деп чечим чыгара берсе анда биз туңгуюкка кептелип калышыбыз мүмкүн.

Ошондой эле бул маселени төрага Марат Султанов бүгүн Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракция жетекчилеринин катышуусунда талкуулашты. Анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу экс-спикер Тайырбек Сарпашев буларга токтолду.

-2006-жылдагы ноябрь-декабрь Конституциясына ылайык Жогорку Кеңеш чыгарган токтомдорду, кабыл алынган ага ылайыкташтырылган мыйзамдарды кандай кылабыз деген маселе боюнча сөз болду. Андан сырткары Жогорку Кеңештин комитеттеринин саны канча болот? Эртең парламентте негизинен кайсы маселелерди карайбыз, ошону тактап алдык,-деди Тайырбек Сарпашев.

XS
SM
MD
LG