Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

ООГАНСТАН: МИНАДАН АРЫЛУУ АРАКЕТИ УЗАКТАН БЕРИ УЛАНУУДА


18 – сентябрь – минаны адамдарга каршы пайдаланууга тыюу салган эл аралык келишим – Оттава конвенциясы бекитилгенинин он жылдыгы. Ага азыркыга чейин 157 мамлекет, анын ичинде дүйнөнүн минадан эң көп жабыр тартып жаткан үч өлкөсүнүн бири -Ооганстан да кошулган. Өлкө аймагын минадан тазалоо боюнча узактан берки аракеттер кыйынчылыктар менен коштолууда.

Ооганстан - дүйнөнүн аймагы эң көп миналанган өлкөсүнүн бири. Жер миналарына кабылып, каза тапкандар менен жаракат алгандардын саны боюнча Колумбия менен Камбоджадан кийинки үчүнчү орунда турат. Улуттар уюмунун минага каршы программасынын эсебинде, бул жерде орто эсеп менен айына 62 адам минага же артиллериялык снаряддын жарылбай калган калдыгына кабылып каза табат, болбосо жаракат алат экен.

1997-жылдын 18-сентябрында Ослодогу конференцияда бекитилип, минаны адамдарга каршы пайдаланууга тыюу салган эл аралык келишим – Оттава конвенциясы боюнча милдеттемелерине ылайык, ооган өкмөтү өлкө аймагын минадан толук тазалоону 2013-жылга чейин аякташы керек. Бул конвенцияга Ооганстан 2003-жылы кошулган эле.

Ошол мезгилге карата чын эле Ооганстан минадан толук тазаланабы? Бул али күмөнсаноолорду жараткан маселе.

Азыр изделип жаткан миналардын көбү өлкө аймагына 1979 – жылы советтик аскерлер киргизилгенден кийинки согуш, 1992-96-жылкы жарандык согуш,1996-2001-жылы Талибан режими бийликте турган жылдары түрдүү куралдуу топтор тарабынан көмүлгөн. Ага катар өлкөнү минадан тазалоо боюнча аракеттердин да тарыхы узак. Улуттар уюмунун көзөмөлү астында бул иштер 1989-жылы эле башталган. Бирок өлкө ичиндеги согуш, олку-солкулуктар бул иштин ыргагына таасир берип, ошол эле учурда миналанган аянттардын көлөмүн көбөйтпөй койгон жок.

Улуттар уюмунун минага каршы программасынын Ооганстан үчүн борбору мурда Пакистанда болсо, АКШ баштаган коалиция 2001-жылы Талибан режимин бийликтен кулаткан соң, 2002-жылдан тарта Кабулда иштей баштады. Ооганстан азыр да тынч эмес экени белгилүү. Эл аралык Кызыл чырым уюму өткөн аптада эле талиб согушкерлери менен уруштар өлкө аймагынын дээрлик жарымында жүрүп жатканын маалымдаган эле. Ушундай шартта мина тазалоо иштерин жүрүп жатабы? Улуттар уюмунун минага каршы программасынын Кабулдагы борборунун тышкы байланыштар боюнча улук кызматкери Елизабет Де Бенедетти менен телефон аркылуу байланышканыбызда ал бизге буларды айтты:


-Коопсуздук кырдаалы мындан саналуу жыл мурдагыдай жакшы эмес экени чындык. Ага карабай, мина тазалоо менен алектенген топторубуз Ооганстандын провинцияларынын баарында бар. Минадан тазалоо программасы Ооганстандын жумушчулары эң көп мекемелеринин бири, өлкө боюнча 8, 5 миң кызматкер иштейт. Биздин ишти улантып жатабыз. Тилекке каршы азырынча түштүк чөлкөмдө азырынча биз жумушчуларыбызды жайгаштыра албаган аймактар бар.

Рейтер агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, азыркыга чейин Ооганстанда 1 миллиард чарчы метр аймак минадан тазаланган, алдыдагы дагы 700 миллион чарчы метрди тазалоо милдети турат. Жерди минадан тазалоо иштери кандай ыкмалар менен жүрүүдө? Биз бул суроону кайра эле БУУнун минага каршы программасынын Кабулдагы борборунун өкүлү Елизабет Де Бенедеттиге жолдодук:

-Бул жерде эки нерсе бар. Биринчиси -миналар менен жарылбай калган снаряддар. Алар табылган соң, ошол жеринде жок кылынат. Экинчи багытыбыз - миналар менен жардыруучу заттар катылып койгон жайлар, бункерлер. Алар табылгандан кийин, ошол аймагына жараша атайын план менен жок кылынат.

Мина тазалагычтардын айлыгы айына 280 долларга барабар. Чет элдик жана жерггиликтүү аскерлерге каршы жардыруулар, кол салуулар дээрлик күн сайын орун алып жаткан Ооганстанда минатазалагычтардын иши да чоң тобокелчилик менен коштолгон. Елизабет Де Бенедетинин айтымында, ушул август айында эле алардын үч кызматкерин талибдер уурдап кетип, анан мерт кылышкан. Бир апта мурда эле түштүктөгү Пактика провинциясында минатазалагыч топтун 13 кызматкери согушкерлер тарабынан уурдалып, кайра жергиликтүү аксакалдардын кийлигишүүсү менен бошотулду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG