Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ГАБАЛАДАГЫ РАДАР ҮЧ ТАРАПТУУ СҮЙЛӨШҮҮДӨ ТАЛКУУЛАНАТ


18-сентябрда Орусия, АКШ, Азербайжандын аскерий эксперттеринин жолугушуусу өткөн жатат. Азербайджандагы сүйлөшүүлөрдө Габала радардык станциясын АКШнын пайдалануу мүмкүнчүлүгү талкууланат. Жолугушууну утурлай Орусия АКШдан ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планынан баш тартууну талап кыларын эскертти.

Азербайджандын түндүгүндө, тоо этегинде жайгашкан Габала радардык станциясы 1984-жылды ал кездеги СССР тарабынан курулуп, дүйнөнүн Түштүк жарым шаарында, ракеталардын кыймылына көзөмөл салууга багытталган эле. Азыр Азербайджандын менчигинде калган бул станцияны Орусия 2002-жылкы келишим боюнча 2012-жылга чейин ижарага алган. Америкалык аскерий адистердин тобу Азербайджандагы сапары учурунда орусиялык жана жергиликтүү эксперттер бирге ушул станцияны инспекцияламакчы.

Анткени, АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планына кыжырданган Орусия Габаладагы радардык станцияны ал планга альтернатива катары пайдаланууну сунуш кылган болчу. Вашингтон ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруунун зарылдыгын Иран жана Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр туудурган коркунучка байланыштырууда. Ал эми Габаладагы станциянын ээси - Азербайджан Иран менен түштүк жагынан чектешет.

Айтор, Габала боюнча сүйлөшүүлөрдөгү орусиялык делегациянын башчысы, генерал-майор Александр Якушин өткөн аптанын соңунда, жолугушуну утурлай Москва Вашингтондон Польша менен Чехиядагы долбоорлорун токтотууну талап кыларын айтып чыкты. Анткен менен орусиялык генералдын пикиринде, Габала боюнча сүйлөшүүлөр Орусиянын мунаса табуу ниетинин көргөзүүдө:

-Биз Габала радардык станциясына, иштеп жаткан, мамлекеттик маанилүү милдетти аркалап жаткан станцияга, коргоо министрлигинин өтө жашыруун обьектисине алып барып, көргөзгөнүбүздүн өзү эле - биз бул үч тараптуу консультацияларда станциянын максаты, келечеги, өнүгүүсү боюнча толугу менен ачык диалогко даяр экенибиздин белгиси.

Ал эми расмий Вашингтон Габала станциясын Чыгыш Европага белгиленген долбоорлоруна альтернатива ирээтинде кабыл аларын азырынча ишара кыла элек. Америкалык эксперттер ал калканч болууга канчалык ылайыктуу экенин, технологиясы АКШныкына шайкеш келээр-келбесин аныктамакчы. Орусия станцияны АКШ талап кылгандай кылып жаңылап берүүгө даяр экенин билдирген.

Москвадагы Америка жана Канада институнун директорунун орун басары Виктор Кременюктун пикиринде, Орусия азыр ракетадан коргонуу системасын толугу менен четке каккан турумун өзгөртүп, кандай шартта ошол глобалдык системанын бир бөлүгү боло алары боюнча АКШ менен соодалаша баштагандай. Бирок макулдашууга тез эле жетүү мүмкүн эмес, ал узакка созулат:

-Азырынча позициялар ар башка. Орусиялыктар Азербайжандагы станция Польша менен Чехиядагы америкалык жабдуулардын ордун ээлеш керек деп сунуш кылууда. Америкалыктар болсо бул алар жасап жаткандарга кошумча болушу мүмкүн деген ойдо. Бул соодалашуунун жыйынтыгын эмне менен аяктарын азырынча айтуу кыйын, бирок кандай болгон күндө да соодалашуу жараянын жүрүп жатканы жакшы.

Орусиялык белгилүү аскерий эксперттердин бири - Александр Гольцтын пикиринде да, Азербайжандагы жолугушуу эксперттер деңгээлинде гана болгондуктан кандайдыр бир жыйынтык менен аяктабайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG