Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

ИРАК ӨКМӨТҮНӨ КАРШЫ ЧЫККАН ЛАШКЕРЛЕРДИ ИРАН КОЛДОП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага 17-сентябрда "Азаттыктын" Прага шаарындагы баш кеңсесине Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари келип кетти. Журналисттерди Ирактагы жалпы абал тууралуу тааныштырып, министр - өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, өкмөткө каршы согушкан лашкерлерге кошуна Иран жардам берип жатканы тууралуу да билдирди.

Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебаринин айтымында, өлкөдөгү абал азыр өтө татаал жана өкмөт өз аракеттери менен куралдуу кагылышууларды ырбатып жибербөөгө умтулуш керек: "Биз өтө кылдат аракеттенип, жаңы куралчандардын пайда болбосун камсыз кылууга тийишпиз. Өлкөдөгү мыйзамсыз куралдуу топтор жана башка күчтөр болсо акырындап өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн катарына кошулуп жана коопсуздук менен саясий түзүлүштөрдүн курамына кирип, мамлекеттик күчтөрдүн ажырагыс бөлүгүнө айланыш керек. Алар бирдиктүү болуп, бир-бири менен согуштанды токтотууга тийиш", - деди министр.

Анын айтымында, 31-октябрда Ыстамбул шаарында ири эл аралык жыйын өткөрүлөт, ага негизги дүйнө мамлекеттеринин министрлери жана кошуна өлкөлөрдүн өкүлдөрү чакырылат. Жыйында - Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн кошуна малекеттер кандай чара көрүүгө тийиш деген маселе дагы талкууланат.

Хошиар Зебаринин пикиринде, андай кошуна мамлекеттердин ичинен Иран эң көп тынчсыздануу жаратууда. Америкалык жетекчиликтин айтымында, Ирактагы согушкерлерге курал Ирандан келип жатат. Aндан тышкары, Ирандын аймагынан жакында Ирактын түндүгүндө күрддөр жашаган аймактарга ок атылып, кол салынды. Тегерандын билдиргенине караганда, ал аймактарда Иран өкмөтүнө каршы аракеттенген күрд куралчандары жашынууда.

Бирок Тегерандын андай куралдуу кийлигишүүсүнө Багдад расми каршылык билдирди: "Бардык бул маселелер боюнча биз ачык жана тик сүйлөштүк, андай кийлигишүүдөн эч бир тарапка пайда болбойт, аны биз Иран тарапка жеткирдик деп ойлойм. Саясий жактан алганда, Иран биздин өкмөттү колдогон сыяктуу, бирок биз айттык, саясий маселелерде бизге колдоо көрсөтүү чыныгы көрүлүп жаткан аракеттерге төп келиш керек. Эгер алар чындап эле биздин өкмөттү колдосо, эң биринчи кезекте биздин өкмөт андай колдоого алынууга тийиш, башка куралдуу топтор же башка белгисиз күчтөр эмес", - деп билдирди Ирактын тышкы иштер министри.

Акыркы мезгилде Батыш маалымат каражаттарында - Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деп Вашингтон Тегеранды күнөөлөгөнү жөнүндө көп айтылууда. Иран өзүнүн өзөктүк изилдөө программаларын токтотуудан баш тартканы ага кошулгандыктан, АКШ Иранга каршы аскерий сокку уруу пландары үстүндө иштеп жатканы тууралуу да кабарлар пайда болууда.

Ал жөнүндө жекшемби күнү британиялык "Санди таймз" гезити дагы билдирди. Анын жазганына караганда, Иран маселесин дипломатиялык жол менен чечиш керек деген мамлекеттик катчы Кондолиза Райс азыр вице-президент Дик Чейни менен татаал сүйлөшүү жүргүзүүдө, Чейни болсо көптөн бери Иранга сокку уруш керек деген турумду колдоп келет.

Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер дагы жекшемби күнү сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Иран маселеси тынчтык ыкмалары менен чечилбей калды, ошондуктан дүйнө коомчулугу согушка дайрданууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG