Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

ТЕМИР САРИЕВ: БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖЕҢ ИЧИНЕН СҮЙЛӨШҮП ЖАТАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Конституциялык сот тарабынан өткөн жылкы ноябрь жана декабрь Башмыйзамдарынын жокко чыгарылышы бүгүн парламентте талкууланат. Анда депутаттар Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баековадан мындай чечимден кийин кандай кадамдар болот деген суроого жооп алууну көздөшүүдө. Ошондой эле “Бириккен фронттун” штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиевдин мамлекеттик жооптуу кызматка дайындалышы да оппозиция үчүн күтүүсүз болду. Бул тууралуу ЖК депутаты Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы уктурууларындагы түз байланышта болгон маектешүүдө айтып берди.

-Темир мырза, бүгүн парламентке Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова келет, парламент Конституциялык Соттун чечимин кезексиз талкуулайт
деп күтүлүп атат. Бирок Конституциялык соттун чечими талкууга жатпайт деп турбайбы..?


-Ооба, соттук практика ошондой. Бизде Башмыйзамда да, Конституциялык сот тууралуу мыйзамда да жазылган: Конституциялык соттун чечими акыркы, даттанууга жатпайт деп. Биз бүгүн Конституциялык соттун эмне үчүн бул чечимди кабыл алганын эмес, бул чечимден кийин кандай жыйынтыктар чыгат, кайсы нерсе бүгүн мыйзамдуу: ЖК чечимиби же өкмөттүн, президенттин чечимиби? Булардын кайсынысы Конституцияга шайкеш келбейт деген кийинки кадамдарды карайбыз.

-Кечээ айрым депутаттар президенттик Конституция жокко чыгарылганда президент кызматтан кетиши керек деп айтып чыгышты. Сиз деле күбө болгондурсуз, президент Курманбек Бакиев эртелеп мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатышы мүмкүн деген ойлор айтылбадыбы. Буга карата сиздин пикириңиз?

-Ачык айтканда мунун баары сүйлөшүлгөн нерсе окшойт. Анткени 14-августта эле президент Курманбек Бакиев Улуттук телерадиого өзүнүн эки жылдык иши тууралуу чоң интервью берген. Ошондо булардын баарынын четин учкай кылып айтып кеткен: “Конституциялык соттун чечиминен кийин референдумга барам”,-деп. Кандайдыр бир ишенич бар болчу. Мүмкүн оппозициянын кээ бир өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп, макулдашышкан болуш керек. Ошонун кесепетинен, биз көрүп турабыз, Конституциялык соттун чечими ноябрь, декабрь айларындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп таап, 2003-жылга кайрылдык деп жатышат. Биз билгенибиз боюнча октябрдын 20-21леринде референдум болуп, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алабыз деген максаттар бар экен. Бизди ушул кооптондуруп атат.


-Кечээ кечинде “Бириккен фронттун” штаб башчысы, Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 19-апрелде массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен күнөөлөнүп жаткан Өмүрбек Субаналиев президенттин жарлыгы менен мамлекеттик кызматка отурду. Анын президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышына кандай баа бердиңиз?

-Оппозицияда жүргөн кээ бир адамдарды бүгүн түздөн-түз бийликке чакырып, жең ичинен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн го деп эсептеп атабыз. Муну менен булар кандайдыр бир пландаштырылган кадамдарды жасап атканы көрүнүп турат. Өмүрбек Субаналиевдин кызматка дайындалышы мен үчүн күтүүсүз болду. Буга окшогон сөздөр болуп келген, бирок канчалык деңгээлде чындыгы бар деп күткөнбүз. Мына кечээ кечинде президенттин жардыгын уккандан кийин аларга далил катары кабыл алдым.

-Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG