Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ЖЕТИШСИЗДИГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ АКСАТЫП ЖАТАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Окуу китептеринин жетишсиздиги билим берүүнү аксатып жатат. Ушул тапта республиканын бардык жерлеринде ар кайсы предметтерден окуу китептери жетишпейт. Ошол эле учурда айрым өзбек мектептер Өзбекстанда чыгарылган, орус мектептер Орусияда чыгарылган окуу китептерин пайдаланышат деген маалыматтар бар. “Азаттыктын” түз байланыштагы маектеши педагогика илимдеринин кандидаты, “Заман Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун орун басары Абдыкерим Муратовду ушул маселелердин айланасында кепке тарттык.

-Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири – окуу китептеринин жетишсиздиги. Адис катары айтсаңыз, окуу китептери аз же жок болгон учурда билим берүүнүн сапаты да төмөн болсо керек?

-Албетте, Кыргызстандагы билим берүү системасында окуу китептеринин ролу өзгөө чоң. Анткени биздин мурдатан салттык билим берүүбүз ушул окуу китептерин пайдаланууга негизделген. Окуучуларыбыз да окуу китептерин пайдаланууга, мугалимдер да дагы ошол окуу китептериндеги айтылгандарды гана жеткирүүгө көнүп калган. Биз жакында облустарды кыдырып чыктык, ушул күнгө чейин бир топ окуу китептери облустарга жетпегендиги белгилүү болду. Мурдагы жылдарга караганда быйыл бир аз жакшы көрсөткүчтөр бар. Бирок кептин баары окуу китептеринин сапатында болууда.

-Сизге деле дайын болуш керек, азыр айрым өзбек мектептер Өзбекстанда чыгарылган, орус мектептер Орусияда чыгарылган окуу китептерин пайдаланышат деген маалыматтар бар. Буга биздин билим берүү тармагыбызда мыйзам жол береби?

-Бул абдан туура эмес. Деги эле биздин мектептер өзүнүн улуттук жүзүн жоготуп коюп жатат. Биздеги элчиликтер атайын кандайдыр бир максат менен окуу китептерин алып келип, таратып жатышы мүмкүн. Бизде буга уруксат берилип атат. Ал эми Өзбекстанда буга жол берилбейт. Биз Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин 7-классынын окуучулары үчүн “Кыргыз адабияты” китебин жаздык, бирок бизге сөзсүз түрдө Өзбестан тараптан бир соавтор кошулуп, өзбек адабиятындагы кыргызча которулган чыгармаларды киргизип, өздөрүнүн идеяларын коштурган. Ошондон кийин гана таратууга уруксат берет. А биз болсо башка мамлекеттерде чыгарылган окуу китептери кандай болсо, ошол бойдон кабыл алып жатабыз, алардын идеясы, башка мамлекеттердин саясаты биздин окуу китептерине аралашып жатат. Өзбек, орус, азыр мына корей, уйгур, немис тилиндеги класстар пайда болуп жатат, ушулардын баарында биз өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү көрсөткөн китептерди жазып чыгышыбыз керек.

-Кечиресиз, ушул тапта окуу китептеринен тышкары дагы окутуучулардын өздөрүнүн билим деңгээли төмөн деген айыптоолор айтылып келет. Буга мугалимдердин айлык акыларынын аздыгы эле себеппи?

-Себептер көп, бирок мугалимдердин айлык акысы – негизги маселе. Жогорку Кеңеште кабыл алынган бир топ мыйзамдар иштебей жатат. Маселен мугалимдерге камкордук көрүү, аларга коммуналдык кызматтарга төлөөдөгу жеңилдиктер тууралуу беренелер азыр былкылдабай турат. Мектептерди каржылоо маселесин айыл өкмөттөргө таштап салдык да. Райондук борборлордо, облус борборлорундагы мектептерде абал жакшыраак экен, бирок айылдарда акыбал оор. Айыл өкмөттөрдүн өздөрүндө абал оор, мектептерди каржылоо да начар абалда. Мектептеги от жаккан, пол жуугандар 400-500 сом айлык менен иштешет. Мугалимдердин айлыктары булардыкынан аз эле айырма. Ушундан улам, өзгөчө айыл жерине окутуучуларды кармоо кыйын болуп жатат.

-Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG