Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ТАЖИК ПРЕЗИДЕНТИ ЭМОМАЛИ РАХМОН БИШКЕКТЕ


Эмомали Рахмон бүгүн расмий сапар менен Бишкекке келди. Аны өкмөт үйүнүн алдында президент Курманбек Бакиев баштаган делегация тосуп алып, расмий сапардын шааниси жасалды. Эки тараптуу жолугушуу маалында президент К. Бакиев Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташтыгын арттырууга бардык негиздер бар деп билдирди. Тажик президентинин расмий сапары учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдаган бир катар документтерге кол коюлмакчы. Алардын ичинде чек арадагы талаштуу аймактарда курулуштарга тыюу салуу жөнүндө да макулдашууга кол коюлмакчы. Бул маселе кыргыз тараптын демилгеси менен көтөрүлүп жатат. Анткени, чек арадагы талаштуу аймактарга тажик жарандары үй-жай салып, кыргыздарга тиешелүү аймактарга жылма экспансия болуп жатат деп жергиликтүү эл кыжаалат болуп келатат. (KCh)

XS
SM
MD
LG