Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АК ҮЙ МЕНЕН БИРИГИП ИШ КЫЛДЫБЫ?


Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларында болгон маекте Конституциялык Соттун 2006-жылы ноябрь, декабрь айларында кабыл алынган Конституцияларды жокко чыгарган чечими бийлик менен тымызын биригип чечилген маселе деген пикирин билдирди.

- Жума күнкү Конституциялык соттун чечими бийликтин макулдугу менен болду деп айткан пикирлер болуп атат. Сиз кандай деп ойлосуз, азыркы президентке 2003-жылдагы баш мыйзам менен мамлекетти башкаруу ыңгайлуу?

- Бул маселе боюнча көп эле жолу Азаттыктан айткан элем, азыркы бийликке 2003-жылкы Конституцияны алып келүү абдан ыңгайлуу болчу. Мына ошол өздөрүнүн каалоосуна жетти. Бул жерде менин көз карашымда Конституциялык сот менен азыркы бийликтин биригип кеткендигинин далилдеринин бири болуп эсептелет деп ойлойм.

- Мындай бир суроо келип чыгат. Өткөн жылы ноябрда, декабрда ошол Баш мыйзамдарды кабыл алып жаткан учурда эмне үчүн Конституциялык сот алардын мыйзамсыздыгын көргөн эмес, же бул жерде кандайдыр бир эки жүздүү саясат барбы?

- Конституциялык Cоттун актана турган мүмкүнчүлүгү бар. Анткени Конституциялык Cот, негизи сот системасы өз демилгеси боюнча бир маселелерди көтөрүп чыгууга укугу жок. Буларга бирөөлөр кайрылышы керек. Ошондуктан эч ким бизге кайрылган жок, биз ошондуктан караган жокпуз деп айтышы мүмкүн. Бирок ошол эле мезгилде биз айтышыбыз керек эле, ноябрь, декабрь айларында Конституцияны кабыл алып аткан кезде, Конституциядагы өзгөртүү, киргизүү жөнүндөгү 96-статьянын талаптары одоно түрдө бузулуп жаткандыгын Конституциялык Сот билдирип коюу мүмкүнчүлүгү бар эле. Анын ордуна Конституциялык Соттун төрайымы өзү барып, парламенттин заседаниесинде отуруп алып, бизде ар кандай внештатный ситуация боло берет, ушундай учурда кабыл алсак болот деген корутундусун айткан эле. Мына ошону негиз кылып алышып, депутаттар ушундай чечимдерди кабыл алышкан эле.

- Эми Конституциялык реформа жүргүзүүгө бийликтин кудурети жетеби. Анткени, жокко чыгарылган Конституцияны деле оппозиция түрткүлөп жатып кабыл алдырбады беле?

- Негизинен ноябрдагы Конституцияны оппозиция түрткүлөп кабыл алдырган, бирок ошондо дагы Конституциянын талаптарын бузуу менен. Анын артынан эле бийлик өзүнүн чөнтөк депутаттарын бириктирип туруп, ошого каршы Конституция кабыл алдырган эки айдын ичинде. Экөө бирине-бири карама-каршы келгендиктен, кабыл алынуу шарттары туура эмес болуп калгандыктан, эми Конституцияны алып таштоого туура келет.

- Демек Конституциялык реформа болот?

- Конституциялык реформа болуш керек. Ушинтип эле өпөң-чычаң ойнотуп, улам бирин туура, бирин туура эмес деп эле конституциялык реформа дагы далайга чоюлушу мүмкүн экени көрүнүп турат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG