Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО КАРШЫ ЧАБУУЛГА ЧЫКТЫ


Бүгүн парламент Конституциялык соттун 1993-жылдан берки ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алды. Депутаттар 2006-жылы ноябрь-декабрдагы кабыл алынган Конституцияларды жараксыз кылган чечим чыгарганы үчүн Конституциялык Сотту Президент менен тымызын заговор уюштуруп жатат деп айыпташты.

Жогорку Кеңештин депутаттары баш мыйзамдын декабрь-ноябрдагы редакциясын Конституциялык Сот жокко чыгарганына ачууланышып, КС төрайымы Чолпон Баекованын келип түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты. Бирок Чолпон Баекова парламентке келбеген соң, Жогорку Кеңештин ишенимдүү өкүлү катары сотко катышкан Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Искак Масалиевдин билдирүүсү угулду. Анын баамында Конституциялык Сот баш мыйзам боюнча юридикалык эмес, саясий чечим кабыл алды.

-Бул жерде Конституциялык соттун кабыл алган чечими укуктук эмес, саясий чечим болду. Ошондуктан биз бул маселеге баа берип, өзүбүздүн мамилебизди билдиришибиз керек,-деди Исхак Масалиев.

Ал ошондой эле Конституциялык соттун мындай чечими сыяктуу тажрыйба дүйнөнүн башка бир дагы мамлекетинде болбогонун, Конституциялык Сот өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча колдонуп жатканын белгиледи.

Ал эми депутат Камчыбек Ташиев Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова өткөн жылы ноябрдагы Конституцияны кабыл алганда колдоп атып, эми бир жыл өтө электе аны жокко чыгарып салганын сынга алды.

-Келгиле Конституциялык соттун төрайымына ачык айталы. «Эже сиз туура эмес кылгансыз»- деп. Биз Конституциялык Cоттун төрайымын жана бүтүндөй курамын тез аранын ичинде алмаштырышыбыз керек, -деди Камчыбек Ташиев.

Конституциялык Cоттун чечиминен кийин бүгүнкү күнү кайсы жылы кабыл алынган Баш мыйзам күчүндө болушу керек деген талаштуу суроо туулуп, депутат Кубатбек Байболов 2003-жылдагы Конституция боюнча чечим кабыл алууга болбостугун билдирди.

-Мына жанагы бир тобубуз эскерткен укуктук «коллапс» деген ушундан башталат. Себеби дегенде биз өз алдыбызча эле 2003-жылдагы Конституцияны калыбына келтирип эле, чечимибизди ошого шайкеш келтирип атабыз. А бирок 2003-жылдагы Конституциянын ишке кириши же кирбеши тууралуу укуктук чоң бүдөмүктү жаратат.

Айрым депутаттар президент Курманбек Бакиев 19-сентябрдагы билдирүүсүндө Конституциялык Cоттун чечимине баасын берип, кайсы баш мыйзам күчүндө экенин айтат деген ишенимде болушту. Ал эми депутат Азимбек Бекназаров болсо Конституциялык сот эмне үчүн президенттин жарлыктарын жокко чыгарбайт деген маселени кабыргасынан койду.

-Баш мыйзамдын декабрдагы редакциясын жокко чыгарган Конституциялык сот эмне үчүн нормативдик укуктук акт болгон президенттин жарлыктарын жокко чыгарбайт? Эмне үчүн өкмөттүн токтомдорун жокко чыгарбайт? Мына мен айтып жаткан Конституциялык соттун «заговору» ушул жерде турат. Президентке кайрылалы деп атасыңар, президент ушул иштин башында турган. Өкмөт башчы да билет. Бирок башкы негизги оюнчу Садыркулов,-деди Азимбек Бекназаров.

Кызуу талкуудан кийин парламент Конституциялык Соттун курамын шайлоо боюнча Жогорку Кеңештин айрым чечимдеринин күчү кеткенин таануу жана өкмөттүн курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча токтом кабыл алып, өкмөттүн курамына талапкерлерди президент эки жумада көрсөтүүсү керектигин сунуштады. Ошондой эле Конституциялык Соттун 1993-жылдан берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Парламент ушул күнкү отурумунда президент мурда каршы болгон «Референдум жөнүндө» мыйзамды колдоп кабыл алды. Муну спикер Марат Султанов Жогорку Кеңештин укуктук жолго жасаган биринчи кадамы катары баалады. Төрага талаш - тартыш жараткан маселелер мыйзамдын чегинде мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн оң чечилерин баса белгиледи.

Экс-депутат Бегиш Ааматовдун көз карашында 1993-жылы кабыл алынган легитимдүү Конституцияга кайра кайрылып келмейинче, Кыргызстанда мыйзамсыздык, баш аламандык, саясий туруксуздук өкүм сүрө берет.

XS
SM
MD
LG