Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

КАРАКУЛЖА ОКРУГУНДА ДЕПУТАТТЫК ЖАРЫШ БОЮНЧА ҮГҮТ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


18-сентябрда № 36-Каракулжа району боюнча Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Эми атаандаштар эртеңден баштап үгүт иштерин жүргүзүүгө киришмекчи.

Каракулжа шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп «Айкын» гезитинин баш редактору Керимбек Айдаров, баш прокурордун орун басары Курмантай Абдиев, «Ата Мекен» социалисттик партиясынын орун басар төрагасы Дүйшөнкул Чотонов, Баш прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Осмонов катталышты.

Дагы үчөө саясий таймашка катышпоону чечишти. Ал эми аял талапкер Нурбүбү Абдыжапарованы каттоодон эмне үчүн баш тартышкандыгын округдук шайлоо комиссиясынын төргасы Курманбай Турганбаев мындайча түшүндүрдү:

- Нурбүбү Абдыжапарова 3-сентябрда бизге арызын берген. Бирок мөөнөтү бүткөндө 13-сентябрь күнү ага каршы деген чечим чыгардык. Себеби фонд түзгөн жок, шайлоо күрөөсүн төккөн жок жана паспорту жок, - дейт Курманбай Турганбаев.

Ошондой эле талапкер Курмантай Абдиевдин тегерегинде массалык маалымат каражаттарында жарыяланган окуяга карата шайлоокомдун төргасы буларды кошумчалады:

- Курмантай Абдиевдин иштен бошогон буйругу бир аз кечигип келди. Президенттин указы менен кызматтан бошогондор бир топ процедуралардан өтө экен. Ал өзү каттоодон 7-сентябрда өттү. Ошого байланыштуу делосуна кошуп тиркеп койгонбуз.

Айтмакчы, талапкерликке документтери жарабай калган Нурбүбү Абдыжапарова анын каттоодон өтпөй калуусу баш прокурор орун басары, атаандашы Курмантай Абдиевдин, Каракулжа район акиминин орун басары Нурлана Исманованын буюртмасы деп эсептейт.

- Биринчиден, менин конституциялык укугум тебеленип атат. Экинчиден, менин атуулдук укугум тебеленип атат. Үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө мага атаандаш болуп аткан Абдиев Курмантай прокурордун орун басары болуп иштеп атканда Үсөн Сыдыковдун лидерин камакка алгыла деп ак жерден камакка алдырган. Ушулардын эле заказы кайра улантылып жатат. Исманова деген акимдин орунбасары Нурбүбүнү эч ким шайлабайт деген сөздү Мамырканова деген журналистке интервью берип атып айтты, - дейт Нурбүбү Абдыжапарова.

Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асранов мамлекеттик же муниципалдык кызматтагылардын бирөө жарымы административдик ресурсун кайсыдыр талапкердин пайдасына же каршы колдонууга араккеттенсе, жумушунан кол жууй тургандыгын эскертти.

- Мекеме уюмдун жетекчилерин, укук коргоо органдардын башчыларын чакырып ал жерде түшүндүрмө бердик, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар кызматтык абал менен пайдаланып үгүт насаат иштерин жүргүзө турган болсо токтоосуз түрдө кызматтан кетүү боюнча жалпы залда атайын токтом чыгардык, - деди Жаңыбай Асранов.

Шайлоочу Дарманбек Меңдибаев бул сапар деле мурдагыдай арак-шарап куюлуп, акча таратылып, добуштарды сатып алуу аракеттери жасалып жаткандыгына ичи ачышат:

- Мурдагы шайлоолордой эле арак куймай, сыйламай, тамак бермей, элди сатып алганга аракет кылышууда. Каракулжа эли намысын сатпай, башка Кыргызстандын калкына үлгү болуп берсе жакшы болот эле, - деп сөзүн аяктады.

XS
SM
MD
LG