Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

ПАРИЖ ЭСКЕРТҮҮСҮНҮН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАҢЫРЫГЫ


Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнердин: “Биз жамандыкка даяр турушубуз керек, а жамандык дегениң уруш” деген сөзү кыргыз коомчулугунда деле кадыресе кооптонууну жаратты. Непадам, АКШ Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосуна таянып Иранга уруш ачса, анын аскерий базасына жай берген Кыргызстандын абалы кантет, суроосу көптөрдү ойлонтуп турган чагы. Француз министринин сестүү эскертүүсүнө биринчилерден болуп кыргыз парламенти мамилесин билдирип, бул маселени жакынкы отурумдарынын биринде талкуулоого киришкени турат.

Франциянын Тышкы иштер министринин билдирүүсүнөн кийин Кыргызстан акыйкатта да кыйын абалга капталарын айтып, Жогорку Кеңештин парламенттер аралык кызматташуу комитетинин төрагасы Карганбек Самаков күтүп олтурбай бул маселени жакын арада талкуулап, кайрылуу жолдоо зарылдыгын белгиледи.

- Борбордук Азияда бир чоң чыр чыгып кетишин батыштагылар да, чыгыштагылар да каалап турат,- деп билдирди парламент мүчөсү.

Ал эми анын кесиптеши Рашид Тагаев кайрылууну парламентчилер Башмыйзамга байланышкан маселелерди бир жаңсыл чечкенден кийин талкуулай тургандыктарын маалымдады.

- Мына кечээ Франциянын министри ушундай согушка даярданышыбыз керек, деп айтты. Бул согуш чыгып кете турган болсо орто жолдон ага Кыргызстан да кирип калышы мүмкүн. Ошондуктан менин жеке позициям, Кыргызстанда бул авиабаза болбош керек.

Батыш өлкөлөрү барылап Иранга каршы уруш ачып ийишсе анын эпкини АКШнын аскерий базасы жайгашкан Кыргызстанды да каптап өтөрүн байкоочулар күн мурунтан эле айтып келатышат. Бирок мындай кооптонууга негиз жоктугун, «Манас» абамайданындагы АКШнын аскерий базасы Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшүү милдетинен башка бир да аскерий операцияларга катышпастыгын Шаңкай кызматташуу уюмунун Бишкектеги жыйыны алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эднан Карабаев «Азаттыкка» берген маегинде атайын токтолгон.

- Келишим боюнча «Ганси» кайсы бир аскердик аракеттерге пайдаланылбайт. Ал эми Иранды бомбалоо жөнүндөгү божомол-жоромолдор тууралуу айтсак, ал өзү курулай ой жоруулар. Биз баарыбыз, дүйнө коомчулугу, Иран жетекчилиги түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык жолун издеп жатканын күбө болуудабыз.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Франциянын Тышкы иштер министринин билдирүүсү АКШ менен алдын-ала макулдашылган саясий кадам. Эгер ал ишке ашса Кыргызстан террордук чабуулдардын бутасына айланып калыш коркунучу турат.

- Анда АКШнын аскер базасы жайгашкан биздин «Манас» абамайданыбыз сокку уруучу бутага айланып калышы мүмкүн деген ой болуп жатат. Бул Кыргызстан үчүн өтө коркунучтуу,- дейт Т.Какчекеев.

Мурда АКШнын Батыш меен Чыгыш саясатына өтөле этият мамиле жасап келаткан Франция дипломатиясынын багыты кескин өзгөрүлө баштаганын саясат таануучу Марат Казакбаев да белгиледи. Анын айтуусунда, Кыргызстандагы АКШнын аскерий базасы келишим шарттарынын чегинен чыга элек.

- Билесиз, Америкада Иранга каршы уруш башталып кетиш ыктымалдыгы айтылып келатат. Эгер андай болсо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аскердик операция өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтире тургандыгын ачык билдириши керек. Себеп дегенде, Ирандын урушка жооп кайтаруу, болгондо да америкалык базаларга, анын ичинде Кыргызстандагы аскерий базага сокку уруу мүмкүндүгү бар.

Марат Казакбаевдин ырасташынча, Кыргызстан АКШ өкмөтүнүн ниетин билип, эгер ал Иранга уруш ача турган болсо бул жерден аскер базасын алып чыгып кетүү сунушун билдирүүсү керек. Азырынча кыргыз дипломатиясы андай аракеттерди жасай элек.

XS
SM
MD
LG