Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

ПРОФЕССОР ДОЙЛ: БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫ ЧАБАЛ МЕКЕМЕ БОЙДОН КАЛДЫ


Шейшемби күнү Нью- Йоркто Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 62-жылдык сессиясы башталды. 25-сентябрдан тартып БУУга мүчө 192 мамлекеттин башчылары дагы башка ырасмий адамдар Улуттар уюмун реформалоо, климаттын өзгөрүүсү, маң заттарына, СПИДге жана террорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу эларалык коомчулуктун тынчын алган маселелер боюнча ой бөлүшөт. Удаа эле Коопсуздук Кеңешинде Иран жана Косово проблемасы талкууланат. Айтылган маселелер боюнча БУУнун мурдакы башкатчысы Кофи Аннандын экс- кеңешчиси, профессор Майкл Дойлдын “Азаттыкка” берген маегинин айрым урунтуу жерлери.

1945- жылы түзүлгөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү вето укугуна ээ. Калган 10 мүчөсү эки жылга убактылуу шайланып, чечүүчү добушка ээ эмес. Бул система эскиргенин акыркы жылдары эларалык коомчулук дембе- дем козгоп, аны БУУнун мурдакы башкатчысы Кофи Аннан да колдогон. Анын себеби жөнүндө профессор Дойл мындай дейт:

- Дүйнөнүн төрт тарабында азыркы Коопсуздук кеңеши мыйзамсыз, дүйнөдөгү азыркы абалды чагылдырбайт деген көзкараш өтө күчтүү. Ал оторчулуктан бошонгон эркин Африканын жана Түштүк Африканын жаңы ролун чагылдырбайт. Ал Индиянын, Бразилиянын же Германиянын бүгүнкү дүйнөдө ойногон ролун чагылдырбайт жана эскирди. Вето укугу бар өлкөлөрдүн санын көбөйтүү идеясына бакубат беш өлкө каршы. Жарым укуктуу же туруктуу мүчөлөрдүн саны боюнча бештикте бир пикир жок. Андыктан маселе эмне менен бүтөрү белгисиз.

Кансыз согуш аяктагандан берки мезгилде Коопсуздук кеңеши жарандык согуштарды токтотууда, терроризмге жана ядролук куралдарды жайылтууга каршы күрөштө өтө ургаалдуу аракеттенди. Деген менен, Майкл Дойл, Башкы ассамблея чабал бойдон калды деп санайт:

-Башкы ассамблея дайыма эле чабал болчу. Коопсуздук кеңеши күчтүү болуп кеткенден кийин ал ого бетер алсыз көрүнөт. Анткени, Башкы ассамблея эч качан мыкты, иш билги мекеме болгон эмес. Анын алкагында көптөгөн чечимдер чогуу отуруп, бир мунаса менен кабыл алынгандыктан, өндүрүмдүүлүгү аз болгон. Ошон үчүн реформанын алкагында Башкы ассамблея иштин көбү комиттерде бүткөрүлчү натыйжалуу уюм болуп түзүлүшү зарыл.

Ирандын ядролук программасы боюнча Коопсуздук кеңеши кандай чара кабыл алышы мүмкүн? Бул суроого БУУнун мурдакы башкы катчысынын экс- кеңешчиси проф. Дойл мындай пикирин айтты:

-Биринчиден, эларалык оомчулук Ирандын ядролук куралдуу болуусун каалабайт. Ошон үчүн Иран акылдуу болсо, Коопсуздук кеңешинин демилгесине кулак салыш керек. Ирандын куралдануусу регионду бейстабилдүү кылат. Бул Пакистан, Индия, Сауд Арабиясы, Түркияны кыжаалатка салган очок болот. Мунун өзү Коопсуздук кеңешине кошумча күч берет. Экинчиден, Иран багытынан жазбаса, Коопсуздук кеңешинин санкциясы катаал болорун билиши шарт.

XS
SM
MD
LG