Габаладагы радар станциясын америкалык алты эксперт көрүп чыкты,аларды азери жана орус адистери коштоп жүрүштү. Америкалык делегациянын башчысы, бригадалык генерал Патрик Орейлли бул тек таанышуу мүнөзүндөгү сапар экенин, анын учурунда эч кандай ырасмий сүйлөшүүлөр болбогондугун ырастады.
АКШнын ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн Польша менен Чехияга жайгаштыруу планы Вашингтон менен Москванын чоң талаш-тирешин жаратып, атүгүл жаңы “кансыз согуштун” алгачкы какаарындай кабыл алынып кетти. Быйыл жайда “чоң сегиздин” Германиядагы жыйыны маалында Россиянын президенти Владимир Путин Габаладагы станцияны биргелешип пайдаланууну сунуш кылган эле. АКШ президенти Жорж Буш маселени адегенде эксперттер деңгээлинде иликтеп көрүүгө макул болгон.
Америкалык айрым эксперттер маалымат каражаттарындагы комментарияларында Габаладагы станция совет мезгилинде курулганын, анын технологиясы америкалык системага такыр туура келбей турганын айтышкан. Орус тарабы станцияны керек болсо модернизациялап чыкканга даяр экенин ырасташкан.
Габаладагы радар станциясын Азербайжан Россияга 2012-жылга чейин арендага берген. Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырасмий Бакунун АКШ менен стратегиялык мамилеси барлыгын, ошол эле учурда Россия жана Иран менен да достук, жакшы санаалуу кызматташтыгы өсүп жатканын айтып,үч тараптын ортосундагы жаңжалда калганга ниети жоктугун, дегеле бул региондун байкалба аймакка айланышын каалай турганын баса белгиледи.
Станция 1984-жылы куралган. Радарлар алты миң чакырым аралыкты,анын ичинде Азия менен Африкага чейинки асман мейкиндигин көзөмөлдөй алат. Станцияда россиялык 900 аскери кызматкер иштейт.
Ракетадан коргонуу системасына байланыштуу АКШ менен Россиянын коргоо жана тышкы иштер министрлеринин ырасмий жолугушуусу эмдиги айга белгиленген. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө тараптар болор-болбос гана мунаса табышкан.