Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:41

AМЕРИКАЛЫК САКЧЫЛАРДЫН ОГУНАН ИРАКТА БЕЙКҮНӨӨ АДАМДАР ӨЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак жана АКШ жетекчилигинин айтымында, Багдад шаарында жекшемби күнү болгон кандуу окуя аягына чейин тергелип чыгат. Америкалык мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дүйшөмбү күнү Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликиге телефон чалып, көңүл айтты.

Жекшемби күнү, 16-сентябрда түшкө жакын Багдад шаарында америкалык дипломаттар бараткан машинелерден алыс эмес жерде жардыруу болгон жана аны менен удаа ал машинелерге кол салынган. Кайтаруучулар дагы жооп берип ок аткандыктан, көчөдө бараткан бейкүнөө сегиз адам курман болуп, дагы 13 киши жараат алган. Өлгөндөрдүн арасында бир полициячы да бар.

Дипломаттарды кайтаргандар - америкалык "Блэквотер" деген жеке менчик компаниянын кызматкерлери болуп чыкты. Ирактын ички иштер министрлигинин өкүлү генерал Абдул Карим Халаф дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, бул компаниянын лицензиясы алынды, анда иштегендин баары АКШга кайтып кетүүгө тийиш, бирок ок атууга тийешеси барлар - тергөө аяктаганга чейин Иракта калат.

Америкалык мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дүйшөмбү күнү кечинде Ирак премьер-министри Нури ал-Маликиге телефон чалып, көңүл айтты жана окуя кылдат тергелип чыгат деп убада берди.

Анын жардамчысы Шон Маккормак ошол эле күнү Вашингтон шаарынан минтип билдирди: "Бейкүнөө адамдар курман болгону кимди болбосун тынч калтырбайт, Мамлекеттик катчылыктын Багдад жана Иракта иштеген бардык кызматкерлери көңүл айтат. Бейкүнөө адамдар менен башка мындай окуя болбосу үчүн биз бардык чараларды көрөбүз", - деди Маккормак.

"Блэквотер" деген компанияда бардыгы болуп бир миңге жакын адам иштеген. АКШ жана башка мамлекеттерден келген көптөгөн жогорку кызматкерлер сакчыларды жеке менчик компаниялардан жалдап алат. "Блэквотердин" жетекчилигинин айтымында, анын кызматкерлери күнүнө төрт жүз элүүдөн алты жүз элүүгө чейин доллар алчу.

Бардыгы болуп азыр Иракта жеке менчик фирмалар менен контракт түзүп иштеген 20 миңге чейин сакчы бар, башка маалыматтарга караганда, алардын саны 100 миңге да жетиши мүмкүн. Андай сакчылык милдетти өкмөт өзүнө алса, анда Иракка кошумча дагы 100 миңге жакын аскер жиберүүгө тийиш болмок.

Лондон шаарындагы "Жейнс" изилдөө тобунун эксперти Дэвид Хартвеллдин айтымында, мындай жеке менчик компаниялар кандай эреже менен аракеттенгени так болбой, алар акча төлөгөндөрдүн гана буйругун аткарып жаткандыктан, көптөгөн маселе чыгууда: "Бул жердеги проблема - жарым аскерий андай компаниялар менен аскерий күчтөрдү башкаруу ортосундагы чек кай жерде өткөнү так белгисиз. Менин оюмча, маселе - Ирактагы аскерий жетекчиликтин алдында алар кайсы чекке чейин аракеттенгени менен өз алдынча аракеттенгенде кайсы чекке чейин жеткени ортосунда айырма болуп жатканында", - дейт Хартвелл.

АКШнын Эсептөө палатасы былтыр чыгарган отчетто - жеке менчик сакчылык компаниялары аскерий жетекчиликке кээде маалымат бербестен аракетенгендиктен көп маселе чыгып жатат деп билдирген. Америкалык "Лексингтон" илимий институту болсо жакында - мындай компаниялардын сакчылары Иракта чет өлкөлүк аскерлер менен өкмөттүк армиядан тышкары үчүнчү күчкө айланып баратат деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG