Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

21-ОКТЯБРДА КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ БОЮНЧА РЕФЕРЕНДУМ ӨТӨТ


19-сентябрда президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке жана элге кайрылуу менен чыкты. Анда конституция боюнча 21-февралда референдум болоору жарыяланды. Президент кайрылуусунда социалдык-экономикалык кырдаалга токтолуу менен келечектеги Конституциянын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу да айта кетти.

Президенттин сөзүнө караганда, 21-октябрда жалпы элдик референдумга коюла турган Конституциянын долбоору боюнча Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен түзүлөт жана парламенттин ролу күчөйт:

-Сунуштала турган Конституцияда Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин статусу чоңоет. Дал ушулар аткаруу бийлигинин биринчи жетекчилерин – премьер-министрди, айыл өкмөт башчыларын, мэрлерди дайындоодо башкы ролду ойнойт.

Президент референдумга Шайлоо Кодексинин жаңы долбоору да коюлаарын белгиледи. Президенттин пикиринде, учурда өлкөдөгү жоопкерчиликти, өкмөттү түзүүнү колуна ала турган саясий партия керек. Бул үчүн ал өзү жаңы партияны түзүп, башында турууну чечти:

-Мен жаңы партияны түзүп, жаңы саясий күчтү колдоону чечтим. Жаратмандуулуктун партиясын, жоопкерчиликти ала билген партияны жана ишке жөндөмдүү партияны колдоону чечтим. Ал партияга таянып, биздин стратегияда белгиленген максаттарды ишке ашырып, Кыргызстанды өнүккөн, демократиялык өлкөлөрдүн катарына жеткирүүгө аракет кыламын.

Президент азыркы Жогорку Кеңешти айрым мүчүлүштүктөр боюнча сынга алып, парламент коомчулук алдында жоопкерчиликтүү болуш керек, ал партиялардын депутаттарды көзөмөлдөөсү менен ишке ашат деген пикирин билдирди.

Ошентип, конституциялык реформа 21-октябрга белгиленген референдум менен логикалык аягына чыга турган болууда деп саясчылар белгилешүүдө. Президенттин кайрылуусунда белгилүү болуп калгандай, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин жаңыдан парламенттик шайлоо болушу күтүлөт.

Президенттин сөзүнүн биринчи бөлүгү өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга байланыштуу болду. Мамлекет башчы айыл чарба өнөр жайын пайдадан алынчу салыктан толук бошотууну сунуштап, Камбарата-2 ГЭСин өлкө өз күчү менен кура алаарын билдирди. Ал эми Камбарата-1 жана Бишкек ТЭЦин куруу жана реконструкциялоо үчүн чет элдик инвестор керек. Өлкөдөгү жолдорду оңдоо маселесин жол фондун өз алдынчалыкка чыгаруу менен чечүүнү, чек арада жайгашкан айылдар үчүн антикризисттик программаларды иштеп чыгуу, калкты социалдык жактан коргоону даректештирүү, үч деңгээлдүү бюджетти түзүү менен бюджеттик мамилелерди ыраатташтырууну, экономикада түшүнүктүү эрежелерди киргизүүнү сунуштады.

Баалардын өсүшү, инфляция маселесине токтолгон президент, өкмөт эмгек акыны, пенсияларды ар бир үч айда көтөрүүгө тийиш, бул үчүн каражат бар деген пикирин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG