Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

20-CЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылы Кытайга качкан кыргыздардын чоң тобу бу жерге сентябрдын 20ларында келген. 1917-жылдын бу күнү Пишпекте «Букара» улуттук-демократиялык союзунун съезди ишин аяктады.

Орус архивдик материалдарына караганда 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздар маселеси боюнча, Кашкардагы Россия консулдугу жергиликтүү бийлик менен активдүү иштеген. Консулдук драгоманы Стефановичтин билдирүүсүнө ылайык качкын кыргыздар Кытай мамлекетине август жана сентябрь айларынын тогошунда келе баштаган. Анткен менен алардын чоѕ тобу Кытайга сентябрдын 20ларында келген. Консулдук кызмат Кытай бийлигинен кыргыздардын келишине жана мында жайгашышына каршы туруп, Аксу доотайы Чжун жуй чинин макулдугун алышкан. Стефановичтин жазганына караганда сентябрдын 20сынан тарта кырдаал кескин өзгөрүп, Кытай бийлиги кыргыздарды жапырт коё бере баштаган.

Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын 20-сентябрында Кыргызстан аймагындагы почта маселеси карады. 1916-жылкы көтөрүлүш айынан почта байланышы токтоп калганына байланыштуу генерал-губернатордук почта кызматын жакшыртуу талабын көтөргөн. Мындан тышкары Пишпек, Токмок жана Пржевальск шаарларында жыйналган почтаны тышкы, ички байланыш аркылуу жөнөтүү үчүн төлөмдү жана жалдоо ишин колдонууга уруксат берилди.

1916-жылдын 20-сентябрында Түркстан-генерал губернатордугунда Сергиополго жумушка жөнөтүлчү кыргыздардын абалы каралган. Генерал-губернатордук кыргыздарды Сергиополго жумушка алуу үчүн аларды жолдон тамактандыруу, ташыш үчүн унаа маселесин камсыздоо жана арабалардын жабдылыш жагдайын караштырган.

Буга чейин Жетисуу уездинин түндүк аймагында орун алган айрым болуштуктар сугатчылык иш үчүн кыргыздардын күчүн пайдаланууну сунуш кылышкан. Империялык бийлик кыргыздарды жалаң эле сугат ишине эмес, Сергиополдон Семипалатинскиге чейин темир жол курууга пайдалануу жагын да караштырган.
1917-жылдын бу күнү Пишпекте «Букара» улуттук-демократиялык союзунун съезди ишин аяктады.

Адал эмгеги менен коомчулуктун колдоосуна татыган белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылдын бу күнү жарык дүйнөгө келген.

Кыргызстанга кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары менен өкмөттүк аскерлер ортосунда 1999-жылдын бу күнү, Сырт жана Газ аймагында айыгышкан согуш жүрдү. Согушчандар айыл, кыштактарды талашып, бейкам калкты тоноп кирген. Мындан улам Баткенден качкандардын саны 5000 адамга чамалады.

Бу күнү, 1792-жылы Францияда ажырашууга уруксат берилип, 1946-жылы Канн кинофестивалы ачылып, 1796-жылы декабрист Никита Муравьев, 1842-жылы англис ойлоп тапкычы, термосту чыгарган Джеймс Девар, 1940-жылы композитор Давид Тухманов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG