Президент Курманбек Бакиевдин жалпы элге кайрылуусунда Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча 21-октябрда референдум өткөрүү тууралуу жардыкка кол койгонун жарыялаганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты.
-Бир айдын ичинде шашылыш түрдө референдум өткөрүлөт.Ал бир айдын ичинде карапайым калкка документтердин мааниси жетпейт. Ошондуктан бул баягы Акаевдин учурундагыдай эле зордук-зомбулук менен, көз боемологон референдум болуп, президенттин сунуштаган бир эмес, эки мыйзамы өттү жеп жаряланат,-деди “Атамекен партиясынын” лидери Өмүрбек Текебаев.
Ал эми президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президенттин кайрылуусунда экономикалык-социалдык, айыл чарбасы боюнча олуттуу маселелер көтөрүлгөнүн белгиледи.
-Президент кайрылуусунда бардык тармакты камтыды. Айыл чарбасын, экономиканы, саясатты. Айрыкча илим жагына, айыл чарбага өзгөчө көңүл буруу тууралуу өзүнүн терең изилденген көз карашын билдирди. Эгер ушул айтылгандардын бардыгы аткарылса экономикада абдан эле өсүш болот деп ойлойм, -деди Турсунбек Акун.
Парламент депутаты Искак Масалиевдин көз карашында Баш мыйзам менен Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жаңы редакциясын референдумга алып чыгуунун өзү туура эмес.
-Өз максаттарын так, чечкиндүү айтып кетти. Бирок негизинен ушундай чоң мыйзамдарды референдум аркылуу кабыл алган башынан эле туура эмес эле. Анткени референдум деген бир эле суроого жооп болот. Эгерде жүздөгөн маселеге бир эле ооба же жок деп жооп берсең ичиңден ыраазы болбой каласың. Эми шарт ошондой экен, кыргыздын шарты ушундай экен, президент өз укугунан пайдаланып ушундай кадамга барып атат.
“Ак шумкар” партиясынын тең төрагасы Темир Сариев болсо президенттин 21-октябрда референдум өткөрүү мөөнөтүн койгону опурталдуу болуп калды, дейт.
-Референдумду 21-октябрга койгону эң опурталдуу болуп калды.Президент ушул трибунадан биздин башкы максатыбыз Конституцияны, мыйзамды сактоо деп айтып, бирок өзү мыйзамды бузуп атат. Эмне үчүн дебейсизби? Эгерде биз Конституциялык соттун чечиминен кийин 2003-жылкы баш мыйзам иштеп атат десек, анда анын 1-беренесинин 5-бөлүгүндө жазылып турат “Конституцияга өзгөртүү түзөтүүлөрдү референдум аркылуу киргизсе болот, бирок аны президент жарыялайт”,-деп. Бирок референдумду өткөрүү эрежелери “Референдум жөнүндөгү” мыйзамда аныкталат деп турат. Бизде бүгүн Конституциялык закон жок. Биз кечээ күнү “Референдум” жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алып, президентке кол коюуга жибердик. Ал мыйзамга президент кол кое элек. Эгерде референдум жөнүндө эски мыйзам менен референдум жарыяласа анысы да мыйзамга каршы келет, деп юристтер менен айрым депутаттар айтып жатышат. Мен алардын оюна кошулам. Эгер референдумдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүлсө, анда сөзсүз президенттик да шайлоону өткөрүү керек, деп ойлойм.
Эмил Алиев болсо Бакиевдин оппозициянын талаптарын аткарууга берген убадалары сөз боюнча калып, жалпы элге жасаган кайрылуусундагы референдум өткөрүү тууралуу айткандары бийликти бир колго алуунун аракеттери деп эсептейт. Анын айтымында, бир жагынан Бакиев экс-президент Акаевдин саясатын кайталаса, экинчи жагынан андан дагы күчтүү системаны түзүп атат. Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин учурдагы саясатын туурап жатат, дейт Алиев.