Британия мындан эки апта мурда Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарынан 5500 жоокерин чыгарып, шаар четиндеги аэропортко жайгаштырды. Ал эми бул жердеги коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берди. Ал жоокерлердин 500 жакында мекенине кайтышы керек.
Британ премьер- министри Гордон Браун өз өкмөтүнүн Ирактагы стратегиясы боюнча 8-октябрда парламентте билдирүү жасамакчы. Ушу тапта ал Ирактагы британ аскерлерин баарын чыгаруунун мөөнөтүн белгилөөнү талап кылган күчтөрдүн кысымына кабылып жаткан кези. Кечээ эле Британиянын үчүнчү ири саясий уюму - Либералдык партиянын лидери, парламент мүчөсү Мензис Кэмпбелл анын өлкөсү Ирактын алдындагы "моралдык милдеттемелерин" баарын аткарып койгонун эске салды.
Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал Дэвид Петреус менен элчи Раян Крокер британ бийликтери менен Вашингтондон Багдадга кайтып бара жаткан жолдо токтоп, жолугушту. Алар өткөн аптада АКШ Конгрессинде көрсөтөмө берген учурунда, Ирактагы америкалык аскерлерди санынын көбөйтүлүшү өз кезегинде коопсуздуктун оңолушуна оң салым кошконун белгилешкен эле. Ага катар генерал Петреус, эгер жагдай мүмкүндүк берсе, келерки жайга карата аскерлердин санын кайра 30 миңге азайтууга болорун айткан.
Генерал Дэвид Петреус Лондонго токтогон учурунда ал Ирак өкмөтү өлкөдөгү жаатташкан тайпаларды элдештирүү багытында айрым бир ийгиликтерге жетишкенин, бирок коопсуздукту камсыз кылуудагы ийгиликтерде АКШнын гана эмес, анын өнөктөштөрүнүн да салымы бар экенин белгиледи:
Прогресс - көп факторлордун натыйжасы. Коалиция менен Ирактын күчтөрү Ирактагы "аль-Каидага" олуттуу сокку урду жана шийиттердин согушчан экстремисттерин чачыратты. Бизге жана ирактык өнөктөштөрүбүзгө бул маанилүү иште экстремизмди жээриген, Ирактын коопсуздугун көздөгөн уруулар, жергиликтүү тургундар жардам беришти.
Ага катар генерал Петреус кокус Британия калган 5000 миң аскерин мөөнөтүнөн мурда алып кетсе, бул "орду толгус" кесепеттерге алып келерин кошумчалады. Ал эми АКШнын Багдадагы элчиси Раян Коркер Лондондо болгон учурунда Ирактагы кырдаал согуш башталган 4,5 жылдан бери оор экенин моюнга алды. Анын пикиринде азыр сабырдуулук керек, ал эми аскерлерди тез алып кетүү кыйроого барабар:
-Мен толук ишенем, биз муну чечишибиз керек, биз мындан чарчадык, биз саясат олуттуу өзгөрүүсүн каалайбыз. Бирок биз бул иштин ыргагы менен азыркыдай болуп көбүрөөк алектенбешибиз абзел. Андай болсо, мен толук ишенем, кыйроо болот. Биз Ирактын ийгиликке жетпей калуусунун ирак калкы, чөлкөм үчүн, эл аралык коомчулук үчүн кандай кесепеттери болорун өтө кылдат карашыбыз зарыл.
Британиянын 5000 жоокери азыр Басранын сыртында турганы менен шаардагы жергиликтүү аскерлерге жетекчилик кылуу милдети жүктөлгөн. АКШ президенти Жорж Буш сыяктуу эле британ премьери –министри Гордон Браун да өткөн айда аскерлерди чыгаруунун так мөөнөтүн белгилөөгө барбасын айткан болчу. Анткен менен жоокерлери Ирак менен катар Ооганстандагы аскерий операциялардан кыйналган британ командирлеринин өзү Иракта аз эле сандагы аскер кармоону сунуш кылууда.