Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

ГРУЗИЯ АСКЕР ЧЫГЫМДАРЫН ЭМНЕ ҮЧҮН КӨБӨЙТҮҮДӨ?


Өткөн жумда Грузия парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн санын 2008- жылы төрт миңге көбөйтүп, 32 миңге жеткирүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Сессияда аскерлерди көбөйтүү Грузиянын коопсуздугуна жаралып жаткан көп сандаган коркунучка байланыштуу армиянын кубатын артыруу зарыл экени менен түшүндүрүлдү. Грузин парламенти эмки жумада 2007- жылдын аскерий бюджетин дагы 190 миллион долларга көбөйтүү жөнүндө мыйзам кабыл алат.

Грузия парламенти 25- сентябрда өлкөнүн коргоо бюджетин дагы 190,4 миллион долларга көбөйткөндөн кийин, армия мамлекеттик бюджеттен эң көп каржыланган тармакка айланат. Грузиянын 2007- жылдагы аскерий чыгымы 800 миллион долларга барабар эле.

Парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында аскерлерди жана аскерий чыгымдарды көбөйтүүнүн зарылдыгын президент Саакашвилинин Парламенттеги өкүлүнүн орун басары Зураб Деконидзе, айрыкча, Россия тараптан болгон коркунучтун өсүп баратканы менен негиздеди:

-Акыркы мезгилде Грузиянын коопсуздугуна болгон сырткы коркунуч бир кыйла өстү. Алсак, Грузияга каршы ачыктан ачык агрессивдүү саясаттын күчөөсү анын бир далили. Цителиубани кыштагынын жанына ракета ташталды. Россия федерациясы тарабынан Грузиянын аба мейкиндиги ырааттуу бузулуп жатат. Жикчилер көзөмөлдөгөн аймактарда жанагы согушчулдар деген немелер каалагандай жүрүшөт жана калабалуу тикелерде аскерий машыгуулар дембе-дем өткөрүлүүдө.

Ырасмий Тбилиси коргонууну бекемдөөнүн башка бир жүйөсү ирети коңшулаш өлкөлөрдүн армиясы Грузияныкына салыштырганда алда кайда чоң экени менен да түшүндүрөт. Ырас эле, акыркы жылдары Азербайжан аскерий чыгымдарын олуттуу көбөйтүп, азыр аскерий бюджети 1 миллиард долларды түзөт. Ал эми армиясынын саны, эксперттердин эсебинде, 70 миңден кем болбойт. Кичинекей Арменияда 50 миң аскери бар.

Учурда Грузия 28 миң аскерге ээ. Парламент өткөн жумада бекиткен мыйзамга ылайык, келерки жылы грузин армиясынын саны 32 миңге жеткирилет.

Премьер- министр Зураб Ногадели грузин парламентарийлери менен өткөн аптада болгон кездешүүдө кураладуу күчтөрдү каржылоону быйыл дагы 190,4 миллион долларга көбөйтүү улуттук армияны НАТОнун стандартына жеткирүү үчүн да жасалып жатканын айтты. Ал эми Коргоо министринин орун басары Вера Дзнеладзе айымдын сөзүнө караганда 190 миллион долларга эми түзүлчү мотоаткычтар бригадасына Батыш Грузияда база курулат; Кутаисинин жанындагы Копитнари авиабазасы оңдолот; каруу жарак, байланыш техникасы жана аскерий учактар сатып алынат.

Кээ бир серепчилер коргонуу обьектилери өздөрүн Грузиядан эгемен деп санаган Абхазияда же Түштүк Осетияда аскерий операция жүргүзүү үчүн курулат деп түкшүмөлдөшөт.

Баса, акыркы жылдары грузин аскерлери эл аралык операцияларга активдүү катышууда. Азыр Иракта жана Косоводо Грузиянын 2 миң аскери бар. Грузин жетекчилиги жакын арада Ооганстанга да аскер жөнөтмөк болууда.

XS
SM
MD
LG