Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

ООГАНСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ТАТААЛ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандагы кагылышуулар уланууда жана согуштун аяктай турган түрү жок. Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, маселени аскерий ыкма менен чечүү мүмкүн эмес, НАТО уюмунун айрым өкүлдөрү дагы - жергиликтүү калк менен бекемирээк мамиле түзүү керек деген пикирде.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун айтымында, акыркы мезгилде Ооганстандагы куралдуу кагылышуулар күчөдү жана алар азыр өлкө дубандарынын жарымында болуп жатат. Ооган өкмөтү жана өлкөдө аракеттенген эл аралык аскерлердин жетекчилиги арасында болсо - анын баарына өкмөттү кулатууга жана исламдык тартип орнотууга аракетенген Талибан кыймылы жооптуу, ал эми жергиликтүү калкты алар же сатып алып, же коркутуп-үркүтүп өз тарабына тартып алып жатат деген пикир үстөмдүк кылат.

Кандагар провинциясынын аксакал тургуну Хажи Гүлдүн айтымында болсо, ооган калкы талибдерден гана турбайт жана элге каршы күч колдонуу каршылыкты гана күчөтөт: "Эгер чет өлкөлүктөр биз менен, өкмөт менен кызматташып, аймактагы эл менен иштесе, талибдер бул жакка эч качан келбейт. Эгер алар бизди бомбаласа, эгер алар талибдер менен согушту улантса, Талибандын саны көбөйөт. Алар менен сүйлөшүүгө барыш керек", - деп билдирди Гүл деген адам "Азаттыктын" кабарчысы Ахто Лобжакас менен Ооганстанда сүйлөшкөндө.

НАТО уюмунун Ооганстандагы өкүлүнүн жардамчысы Николас Ланттын айтымында дагы, чет өлкөлүктөргө каршы күрөшкөндүн баарын Талибан деп түшүнгөн туура эмес. Чет өлкөлүк күчтөр жергиликтүү тургундар менен кызматташуу жолдорун тапканы жакшы: "Менин оюмча, аскерий күч колдонуу эң негизги ыкма деген түшүнүктөн арылыш керек. Ооганстандын ички маселелеринин эң негизгиси азыр - коопсуздук. Аны камсыз кылуу үчүн азыр полиция күчтөрүн жана чек арадагы коопсуздук кызматтарын күчөтүш керек", - дейт Лант.

Урузган провинциясында жайгашкан НАТО аскерлеринин курамында аракеттенген капитан Чип Принстин пикиринде дагы оогандын баары талиб эмес: "Ооганстандагы конфликттин көп жүзү бар. Баарын эле Талибан дей берген болбойт. Кошуна малчы менен уруша кетип, андан өч алууну көздөп, колуна курал алган адам дагы талиб, бир нече жигитти чогултуп алып, өзү түшүнгөн максат үчүн согушуп жаткан адам дагы талиб болуп көрүнөт", - дейт Принс.

Анткен менен НАТО аскерлери 19-сентябрда Ооганстандын Гелманд провинциясында ири аскерий операция баштады, ага эки жарым миңге жакын адам катышууда. 18-сентябрда болсо Газни провинциясында ири чабуул өткөрүлдү жана жергиликтүү коопсуздук кызматынын өкүлү Али Шах Ахмадзайдын айтымында, анын найтыжасында талибдердин жетекчилеринин бири Абдулла Жан өлтүрүлдү. Ал - июлда Ооганстанда 23 түштүк кореялык жарандын барымтага алынганы үчүн жооптуу болгон. Туткундардын экөө өлтүрүлүп, калган жыйырма бири кийин бошотулган, бирок Түштүк Корея өкмөтү өз аскерлерин Ооганстандан жылдын аягына чейин чыгарып кетүүнү убада кылган

XS
SM
MD
LG