Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

ПАРЛАМЕНТ КОРГОНБОЙТ, КАЙРА КАРШЫ ЧАБУУЛГА ӨТӨТ


Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев бүгүнкү жыйында парламентти К. Бакиевдин чабуулунан коргонуп жатып албай, каршы чабуулга чыгууну сунуш кылды. «Президент администрациясы чабуулга өттү, биз коргонбошубуз керек, биз андан аркы кадамдарды шилтешибиз керек»,-деди Т. Сариев. Депутаттар Президенттин Конституциянын жаңы редакциясын референдумга алып чыкканга укугу жок экенин белгилешип, буга Конституциялык Сот унчукпай жатканына ачууланышты. Эл өкүлдөрү Кыргызстанда референдум өткөрүү чечими кайсыл Конституциянын негизинде кабыл алынганын түшүнбөй, бардык суроо-дооматтарын жыйнап, негиздеп Президент менен Конституциялык Соттун алдына маселени кабыргасынан койгон жатышат.

Депутат Т. Сариевдин жүйөөсүндө, президент жарыялаган референдумдун мыйзамдуулугу күмөн жаратууда. «2003-жылдагы Конституция күчүндө болуп? ошону менен жашап атсак, президент ошону менен референдумга чыгып атса, ал кайсы мыйзам менен өтөт, мыйзамдуулугу канча? Анткени, биринчи статьянын бешинчи пунктунда ачык так жазылып турат: референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын тартиби менен өтүш керек, ал мыйзамды парламент бир эле күн мурда кабыл алган, ошого кол коюп, ошонун негизинде өткөрсүн»,-деди депутат.

Депутат Кубатбек Байболов Президент менен Конституциялык Сотко парламенттин атынан үч бирдиктүү суроо менен кайрылууну сунуш кылды:

"Биринчиси, 1993- жана 2003-жылдагы кабыл алынган Конституциялар күчүндөбү? Экинчи, бүгүн кайсы Конституция менен жашап атабыз? Үчүнчү, Жогорку Кеңештин 96-статьягы ылайык Конституцияга өзгөртүү жана түзөтүү киргизүүгө укугу барбы же жокпу? Анткени, Конституциялык Соттун чечими боюнча Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү жана түзөтүү киргизүү укугунан четтетилип жатат. Себеп дегенде, референдум менен кабыл алынган нерсе референдум менен гана өзгөртүлөт деп атат. Конституцияда бар деп жазылып турат. Ушул суроолорго жооп берсин, ошондо көп нерсенин башы ачылат».

Депутат Азимбек Бекназаров Президент Конституциянын жаңы редакциясын алып чыкканга укугу жок, эмне үчүн буга Конституциялык Сот унчукпайт деп ачууланды:

«Конституциялык Соттун чечими турат: ЖК өзүнүн полномочиясынан чыгып, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алды деп. Андай болсо Конституциянын жаңы редакциясын референдумга алып чыкканга президенттин да укугу жок. Ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду гана алып чыга алат. Эмне үчүн Конституциялык Сот буга унчукпайт?»

Төрага Марат Султанов Конституциялык Соттун чечими боюнча депутаттар айтып жаткан дооматтарды биринчи күнгө чейин дыкаттык менен даярдап, кийинки жумада Конституциялык Сотко маселени кабыргасынан коюуну сунуш кылды. Депутаттар дүйшөмбү күнкү жыйында Конституциялык Соттун ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүшкөн. Депутаттардын Конституциялык Сотко болгон дооматтары боюнча бирдиктүү документ даярдоо А. Бекназаров башында турган ушул комиссияга жүктөлдү.

Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков бүт маалымат каражаттарынан парламент депутаттарын эл душманы катары көрсөткөн маалымат жайылып жатканына тынчсыздануу билдирип, төрага Марат Султановду керек болсо Президентке кайрылып, Жогорку Кеңешти каралоону токтотууну өтүндү.

Президент К. Бакиев кечээ Кыргызстандын калкына кайрылуу менен чыгып сүйлөп, 21-октябрда Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү жөнүндө жарлыгын жарыя кылган. Президент баш мыйзам саясий күрөштүн курмандыгы болгонун билдирип, ошон үчүн саясий укуктук туруктуу өнүгүү жолуна түшүү үчүн ушундай чечимге келгенин баса белгилеген. Мамлекет башчы ошондой эле парламенттик шайлоону партиялык тизме менен өткөрүү каралган Шайлоо Кодексинин жаны долбоорун дагы референдумга алып чыгарын билдирген. Анткени, К. Бакиевдин жүйөөсүндө, депутаттык корпус шайлоо мыйзамына оңдоолорду кабыл алууну создуктуруп, ал түгүл партиялык шайлоо системасын киргизүүгө тоскоолдук да жасап келатышат. (KCh)

XS
SM
MD
LG