Анна Политковская 2002-жылы Москвада Дубровкадагы театрда чогулган жүздөгөн адамдарды чечен согушкерлери барымтага алганда кезектеги журналисттик сыйлык алганы АКШга барган. Чеченстандагы согушту токтотууну талап кылган барымтачылар сүйлөшүү өткөрүүгө ортомчу катары журналист Политковская келсин дегенде, Анна баарын таштай салып Москвага учуп келет. Ирина Фадеева 15 жаштагы уулу Ярослав менен ошол театрдын ичинде барымтада отуруп чыккан, өзү аман калып, чабуул маалында уулу окко учуп жаны кыйылган.
- психологдор келип сүйлөшөлү десе, аларды көргүм келген жок. Баары эле: “Эми эмне болду? Ыйлагандан эмне пайда? Тигине, тигилердики да өлдү, булардыкы да өлдү, дагы бирөөнүн баласын машине коюп кетти” деген сөздөрдү айтып атышты. Андан мурун эле барымтада отурганда бирөөлөр: “бул жердеги чындыкты эч ким жазбайт, бир гана Анна Политковская жазышы мүмкүн” деп айканын уккам. Бир убакта Анна ооруканада жатсам жаныма келип: “Ира, мен сени түшүнөм. Дүйнөдө сенин кайгыңан өткөн кайгы жок! Менин да балам бар. Айтчы, уулуң кандай бала эле? Кандай болушун каалар элең?” – деп сурай баштады. Башкаларга окшоп саясатты, же залда канча террорист бар эле деп сураган жок.
Ирина Фадеева Политковская менен жолуга электе уулунун өлүмүнө чыдабай өз жанын өзү кыйууну ойлонуштура баштаганын, Анна Ярослав жөнүндө гезитке макала жазам дегенде макул болуп, баарын төкпөй-чачпай айтып берип, кийинки жумада “Новая газетада” Политковскаянын макаласы качан чыгат деп чыдамсыздык менен күтө баштаганын айтат. Анна Политковская театрдагы барымтада каза тапкан ар бир бала жөнүндө сандан санга макалалар жазып, балдарын жоготкон ата-энелердин дартына даба болгонун баяндаган Ирина Фадеева дал ошол уулу жөнүндөгү чоң макала анын өмүрүн сактап калганын кошумчалайт.
Галина Боброванын уулу – 2004-жылы Башкортостандын Благовешенск шаарында Орусиянын милиция кызматтарынын атайын операциясы маалында алардан токмок жеп жараат алган 334 кишинин арасында болгон. Уулу канжалап үйдө жатканда бир да журналист менен сүйлөшкүсү келбеген Галина Боброва ал күндөрү Анна Политковская менен аңгемелешкен.
- Анна мен үчүн журналист эмес эле. Мен анын бир да макаласын окуган эмесмин. Ал жазган “Новая газета” бизге келбейт да экен. Мен аябай жаман болуп, алдыма бирөө уу толтурулган стакан койсо ичип алып жаным жай алат эле деген акыбалда болчумун. Анна келип мени менен жөн гана маектешип отурду, бирок ошондон кийин мен кой, жашоону улантып, уулумдун укугу үчүн күрөшөйүн деп чечтим.
Вероника Шахова – Благовешенсктеги ал окуялар маалында жергиликтүү гезитте иштеген журналист эле, ал Политковскаяны коштоп, аны эл менен жолугуштурганы үчүн кийин иштен бошотулган.
- Анна Политковская ички бир адамдык сапаттары боюнча укук коргоочу эле. Адам укуктары ал үчүн баарынан ыйык болчу. Күндүр-түндүр кимдир бирөөнө жардам керек болсо, баарын таштап жөнөп кетүүгө даяр эле. Мени гезиттен чыгарып салышты. Түн бир оокумда Анна Москвадан чалат. “Мен эмне болгонун уктум. Азыр билет алып кайра барам. Сен ишсиз калсаң, мен бул жакта жатып алмак белем. Жок дегенде барып сени колдоп коюшум керек” – деп менин айткандарымды укпай койду. Ал ар дайым башка кишилердин көйгөйү менен жашаган адам эле. Өзү үчүн эмес, башкалар үчүн деп жанын сабап жашады.
Кавказдыктар Анна Политковская чөлкөмдө жашаган элдин салт-санаа, үрп-адаттарын, кулк-мүнөзүн түшүнгөнгө аракет кылганын терең баалашат.
- Анна Хасавюрттан таксиге отура калып, Грозныйга, же Махачкалага чаап бара калып, ал жерде жашаган аялдардай узун көйнөк кийип, башына жоолук салынып алчу. Жергиликтүү эл Аннанын жөнөкөйлүгүн, дагестандык, же чечен, же авар аялдар менен өз кишидей сүйлөшкөнүн жактырышчу. Кавказдык аялдар аны өз кишидей кабыл алчу.
Бул чечендердин коомдук ишмери Умар Жавтаевдин пикири. Хасавюрттук адвокат Руслан Умаев Аннанын эмгекчилдигине тан бергенин айтат.
- Бир кечте эле сүйлөшүп отуруп ал 3 макала жазып салды. Кабыл алуусу укмуш эле. Темага дароо сүңгүп кирип, керектүү суроолорду гана берчү. Кетип баратып мен: “Анна, гезиттин ар бир санында бирден бет макаланы кантип жазып жүргөнүңдү эми түшүндүм. Табышмактын сыры эми ачылды”, өтө чоң профессионал экенсиң, - деп коштоштум. Кадимки эмгекчилдик эмес, жагымдуу энергия жөнөкөй энергияга кошулуп ташкындап турат экен, - дейт чеченстандык адвокат Умаев.
Анна Политковская жаны тынбай Чеченстандагы мыйзамсыз иштер тууралуу материал топтоп жүрүп, дагы бир чоң жалжалдуу макаласы жарыяланаар алдында киши колдуу болуп өмүрү токтоп калды. Орусиянын бийликтери журналисттин өлүмү боюнча тергөө ишинде жылыш бар экенин, Чеченстандык жана Москвалык ондой киши камакка алынганын билдиришти. Бирок айрым кабар агенттиктери кармалгандардын бир даары кайра бошотулганын маалымдашты. Политковскаянын өмүрү ошентип, укуктары кордолгон катардагы адамдарды коргоо аракетине арналды. Анын жардамы тийген дагы башка адамдардын эскерүүлөрүн “Азаттыктын” кийинки берүүлөрүнөн уга аласыздар.