Иран жетекчилиги Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жаңы санкциясын болтурбоо үчүн өзүнүн ядролук программасы атомдук курал жасоого багытталбады деп Батышты, өзгөчө, Европа мамлекеттерин ишендирүү үчүн катуу далалат кылууда.
Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Саид Жалили Бириккен Араб Эмирлигинде чыкчу “ал- Иттикад” гезитинде ядролук программа боюнча Тегерандын ырасмий көзкарашын билдирди. Атап айтканда: Иран ядролук технологияны өнүктүрүү укугунан баш тартпайт, бирок ал боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бирок, сүйлөшүү ядролук программа тынчтык максатын көздөгөнү жөнүндө болуп, анда Ирандын ядролук технологияны өнүктүрүү жаатында жетишкен ийгилиги тууралуу кеп болбош керек.
Тегеранда ошондой эле ядролук талаш БУУнун Коопсуздук кеңешинде эмес, Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик- МАГАТЭнин алкагында чечилиши мүмкүн деп санайт. Бул жөнүндө “Афтаб-и Язд” гезити Саид Жалилиге шилтеп, 17- сентябрда маалымдады.
21- августа Иран менен МАГАТЭ ортосунда- кээ бир маалымат булактары “жумушчу план” деп атаган- келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Иран үч айдын арасында уранды байытуу технологиясына байланыштуу МАГАТЭнин суроолоруна жооп бериши шарт. Бул Пакистандын атомдук бомбасынын атасы Абдул Кадыр Хандан Иран кандай маалымат алганын да ачыкка чыгармак.
Ошон үчүн МАГАТЭ менен жетишилген макулдашуунун баалуулугун Ирандын ырасмий өкүлдөрү акыркы мезгилде жапырт макташууда. Ал комментарийлердин көпчүлүгү Иран буга дейре айтып жүргөн: Атомдук программа тынчтык максатын көздөйт. Батыш Ирандагы саясый түзүлүшкө каршы саясый- идеологиялык кысым көрсөтүү үчүн ядролук теманы куткулоодо- деген сөздү кайталайт. Анын эң мүнөздүүсү Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Гуламреза Адазаде 17-сентябрда Венада сүйлөгөн сөзү болду. Анын айтышынча, Батыш 1979-жылкы Ирандагы ынкылаптан бери мурдакы шах менен даярдалып жүргөн ядролук маселени көтөрүп, “дискриминациячыл жана кош стандарттуу” саясат жүргүзүүдө.