Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

ИНГУШЕТИЯДА КОЛ САЛУУ, КОЗГОЛОҢДОР КҮЧ АЛДЫ


Соңку апталарда Түндүк Кавказдагы Ингушетия жумуриятынан дээрлик күн сайын ар түрдүү кол салуу, кагылышуулар тууралуу кабарлар түшүп жатты. Жергиликтүү орустар жана сыгандарды белгисиз адамдар атып өлтүрүштү. Машинде баратып жолдогу бомба жарылуусунан полициячылар набыт болду. Киши уурдоо күчөдү. Июнь айында Ингушетиянын президентинин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды.

Соңку 3 күн ичинде Ингушетияда машинеде баратып ок тийген эки полициячынын өлүгү табылды, бир райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысын мечиттен чыгып бараткан жеринен өлтүрүп кетишти, дагы эки кызматкер чак түштөгү чабуулдан мерт болду, андан тышкары көчөгө чыккан демонстранттар менен полиция кагылыша кетти.

Ингушетиянын борбору Назранда 19-сентябрь күнү киши уурдоонун күчөп кеткенине нааразылык билдирип, 500дөй киши көчөгө чыкты. Полиция албууттанган элди таратыш үчүн асманга ок ачып, демонстранттардын бир даары тартип коргоо кызматкерлерин көздөй таш жаадырышты. Нааразылык акциясына чыккандар киши уурдоолордун артында жергиликтүү коопсуздук кызматтары турат деп айыптап, мыйзамсыз иштер үчүн Ингушетиянын президенти Мурат Зязиковдун кызматынан чегинишин талап кылышты.

Ingushetia.ru интернет сайтынын башкы редактору Магомед Евлоев полиция кууп таратканы менен элдин толкуну басылган жок деп белгилейт.

- Кечээ Ингушетияда элдик көтөрүлүш боло жаздады, анда шек жок. Өткөн түнү саат 3төрдө митингдин уюштуруучулары элди токтотпогондо, Магалбек жана башка айылдардан 100-200дөн жаш жигиттер таяк, таш көтөрүп алып кошулууга даяр турушкан. Эл азыркы алсыз бийликке каршы көтөрүлүшкө чыгууга даяр болуп калган. Азырынча убактылуу жоошутушту, бирок мындан ары кандай болоорун айтуу кыйын.

Бейшембиде Москвада өткөн пресс-конференцияда Ингушетиянын президенти Мурат Зязиков элдик көтөрүлүш тууралуу айткандар окуяны көбүртүп-жабыртып ийишти деп ачууланды.

- Кандай болбосун окуяны, ал өтө чакан, катталбаган болобу, сөзсүз коомчулукка алып чыгышат. Башка республикалар, область, региондорду атабай эле коеюн, биздегидей аскер кишилерин аткылап кетишсе, заводдогу кишилерди барымтага алып, полициячыларды өлтүрүп кетсе да, мындай окуялар коңшулаш региондордо болуп атат, алар жөнүндө бир да сөз жок.

Зязиков Орусиянын ички иштер министрлигинин Ингушетияга кошумча 2000дей аскер жиберүү чечимин жогору баалап, жумурияттагы чагымчыл аракеттердин артында “Орусиянын душмандары” турат деп кошумчалай кетти. 2006-жылы Ингушетияда өкмөттүк кызматтарда иштеген ингуштарды четинен атып өлтүрүү кампаниясы жүрүп, ал чабуулдардын артында чечендердин каршылык көрсөтүү кыймылына кирген ингуштар отряды турат деп кабарланган. Бирок “Азаттык” радиосунун Кавказ боюнча эксперти Андрей Бабицкий Түндүк Кавказдагы каршылык көрсөтүү отряддары азыр бытырап, куралдуу кол салууларга көп батынбай калганын айтат. Ошол эле маалда ал Ингушетиянын президенти Мурат Зязиковго жергиликтүү элдин ишеничи өтө төмөн экенин, жикчилер отрядынын ага каршы аракеттерин катардагы эл колдоп кетиши мүмкүн деген пикирде.

- Каршылык көргөзүү борбору ийкемдүү жылып турат десек болот. Ингушетияда көзөмөл күчөтүлсө, алар дагы башка жерге жылып кетишет. Айталы, азыр Дагестанда да кырдаал бир кылка эмес, тез өзгөрүүдө. Ал жердеги куралдуу топтор Ингушетиядагыдан кем эмес иштерди жасап жатышат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG