Дүйнө цивилизациялуу болуп баратканы менен эларалык коомчулук үчүн тынчтык темасы өтө актуалдуу бойдон калууда. Ал үчүн 20- сентябрь күнкү маалыматтарга бир көз чаптырып чыгуу жетиштүү. Ирак, Ооганстан, Судандын Дарфур чөлкөмү, Индия менен Пакистандын ортолугундагы Кашмир штаты, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Кавказ- бул мылтык үнү жаңырып, адам баасы “чымын жанына” барабар болуп калган жерлердин толук эмес тизмеси.
Ирактагы америкалык күчтөрдүн командачылыгынын маалымдашынча, январдан бери Багдадда куралдуу калабалар 50 процентке кыскарган. Ирактын башка бөлүктөрүндө да жанкечтилер менен козголоңчулардын чабуулу басаңдай баштаган. Бирок, уруштун кесепетинен 170 миңге жакын багдаддык үй- бүлө же 1 миллионго чукул адам бозгун болуп кеткенин Ирактын Кызыл крест коомуна шилтеп, “Интернэшнль Геральд Трибюн” гезити бейшемби күнү кабарлады.
Жакынкы Чыгышта болсо согуш оту качан басылаары белгисиз. Израиль Газа тилкесин “жоочулдук өкүм сүргөн аймак болбой калды” деп, суу жана электр кубатын берүүнү токтотпой турганын кулак какты кылды. Анын алдында эле Газада жашаган 1, 5 миллионго чукул палестиналыкты Вашингтон оорчулукка бетме- бет калтырбасын АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс айым билдирген:
–Биз Газадагы бейкүнөө палестиналыктарды кыйынчылыкта жалгыз таштабайбыз. Биз алардын адамдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн бар аракетибизди жасайбыз.
Бирок, анын артынн эле палестиналыктардын исламчыл Жихад уюму Израилди аткылоосун токтотпой турганын эскертти. Коңшулаш Ливанда да абал ичинен курчууда. Бейшемби күнү ливандыктар парламент мүчөсү, бир күн мурда автомобилге коюлган бомбадан набыт болгон Антуан Ганемди эскерип аза күтүштү. Ганем 2005- жылдан бери кол салууда өлгөн антисириячыл жетинчи саясатчы.
Россиянын Түндүк Кавказ бөлүгү да адам өмүрү үчүн кооптуу аймактардын бири. 20- сентябрда Ингушетиянын Назран шаарында белгисиз бирөөлөрдүн чабуулунан россиялык эки жоокердин каны төгүлдү. Дагы эки жоокер жараат алды.
21- сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын алты жыл мурда кабыл алган чечимине жараша атышуу- айкаштар, зобун- зордуктар токтотулуп, күн бою тынчтык сакталыш керек. Бирок, ирактык козголоңчулар, ооган талиптери, кашмирлик же тамилдик жикчилдер бир күнгө ок атууну токтотуп, тынчтыкты сактаары күмөн. Баса, АКШнын 21 штатында Эларалык тынчтык күнүн утурлай бир жумалык чоң акция аяктады.