Сорос фондунун Нью-Йорк шаарындагы Ачык коом институту үчүн эмгектенген социолог Киан Тажбахш Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы аракеттенген деген айып менен май айында камакка алынган эле. Эми ал камактан бошотулганы менен өлкөдө калууга милдеттендирилди.