Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

«МАТРЕШКА-ГЕЙТ» ҮЧҮНЧҮ ПРЕЗИДЕНТ ТУШУНДА ГАНА АЧЫЛАБЫ?


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев былтыр Польшада орустардын улуттук куурчагы “матрешкага” салынган 600 грамм маң заты менен кармалып, ал жаңжал “матрешка-гейт” деген аталыш менен көпчүлүктүн эсинде. Андан бери бир жыл убакыт өтсө да бул окуяга тиешелүү күнөөкөрлөр табыла элек. Жогорку Кеңештин депутаттары бул ишти ошол кездеги Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Жаныш Бакиев уюштурду дешкени менен, президенттин бир тууган иниси бардык сот инстанцияларында Жогорку Кеңешти жеңип алды.

Депутат Өмүрбек Текебаев Польшада 600 грамм маңзаты менен кармалганда Жогорку Кеңеште бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, депутаттык топ өз алдынча иликтөө жүргүзгөн соң бул ишке президенттин иниси, ошол кездеги Коопсуздук кызматынын төрага орун басары Жаныш Бакиевдин тиешеси барлыгын жарыялаган. Бирок, Жаныш Бакиев сотко кайрылып, Жогорку Кеңешти бардык инстанцияларда жеңип чыкты. Айрым серепчилер 18-сентябрдагы Жогорку соттун чечиминен соң азыркы бийлик тушунда бул кылмыш иши эч качан ачылбасын айтышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Замир Эсенаманов да бул иш жакын арада ачылбайт деген ойдо. Анын айтымында карт тарых кези келгенде бардыгын өз ордуна коёт:

- Бул Кыргызстандагы 2006-2007-жылдардагы өтө терс көрүнүштөрдүн бири болду. Бүдөмүк нерселер көп. Жакынка арада бул боюнча кылмыштын бети ачылышы күмөн.

Ошол “Матрешка-гейт” окуясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы болгон Тайырбек Сарпашевдин айтымында, парламент бул иш боюнча саясий чечимин чыгарып, бардык документтер Башкы прокуратурага тапшырылган. Ал эми парламент эреже боюнча иликтөө органдарынын ишине кийлигише алган жок:

- Мен материалдардын бардыгын комиссиянын төрагасы катары Башкы прокуратурага бергем. Башкы прокуратура өзүнүн чечимин чыгарды. Ал боюнча чечимдер кабыл алынган. Биз дагы өзүбүздүн саясий чечимибизди чыгарганбыз.

Адилет министри Марат Кайыпов Ө.Текебаевдин маңзат менен Польшада кармалуусу боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон. Анын айтымында бул окуя атайын уюштурулган саясий шоуга окшош:

- Биз ачыгын айтып коюшубуз керек, кылмыш жагынан эч кимдин күнөөсүн аныктай алган эмеспиз, ушул “Матрешка-гейт” боюнча. Менимче бул кандайдыр бир атайын уюштурулган саясий шоу го. Ошого окшош.

Белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бул окуяны саясаттагы адамдардын ички дүйнөсүнүн тардыгынан келип чыккан кемчилик катары сүрөттөдү. Анын айтымында кайсы бир өз-ара кекчилик, кара-санатайлык мамлекеттик деңгээлде болбошу керек эле. Ошондой ал бул кылмыш ишинин бети үчүнчү президент келгенде гана ачылат деп эсептейт:

- Бул иш үчүнчү президент келгенде ачыкка чыгат. Анткени, биз бардык учурда думугуп отурдук, мына Акаевди биз мактап, "демократиянын аралчасы", "адам укуктарынын мамлекети" деген сыяктуу улуу сөздөр менен сыйлап, ошол кишинин оозун карап отурдук эле. Ал киши кеткенден кийин эмне деген былыктар чыккан жок.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин өзү бул окуяга жогорку чиндеги адамдардын, президенттин инисинин тиешеси бар экендигин бир курдай кыйытып да түз да айтып келген. Иниси Алмаз Текебаев бейбаштык кылганы үчүн деген айыптоо менен Ош шаарында милиция тарабынан кармалганда Ө.Текебаев, “Менин иним гана эмес, башка адамдардын инилери дагы өз кылгандары үчүн жооп берип, мыйзам алдында башкалар менен бирдей болушу керек”,- деген.

XS
SM
MD
LG