Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстандын экинчи президенти, бирок БУУнун Башкы ассамблеясында сөз алган алгачкы президенти болмокчу. Жорж Соростун Ачык коом институтунун Түркмөнстан боюнча долбоорунун жетекчиси Эрика Дайли түркмөн президентинин Башкы ассамблеяда белгиленген сөзүнүн мааниси тууралуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна буларды айтты:
- Ал БУУнун Башкы ассамблеясында кайрылуу жасаарынын өзү олуттуу символикалык мааниге ээ. Көз карандысыз Түркмөнстандын президенти катары биринчи ирээт Башкы ассамблеяда сүйлөмөкчү. Бул ошондой эле бир топ жылдан бери Түркмөнстан кабылган изоляцияны бузуу аракетинен улам да символикалуу.
Гурбангулы Бердымухаммедовдун АКШдагы сапарынын жүйөөсү – БУУнун Башкы ассамблеясы болгону менен ал Нью-Йоркто Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен да жолугары күтүлүүдө. Мындай жолугушуу өтөөрү жөнүндө мурда айтылган эмес, кечээ жакында гана маалым болду. Бердымухаммедов жана аны коштогон делегация Вашингтон жана Хьюстон шаарларына да барып, АКШ менен саясий, соода-экономикалык алакаларды жакшыртуу жолдорун талкууламакчы.
АКШдагы жолугушуулар, баяндамачылардын пикиринде, Кошмо Штаттардын Түркмөнстандагы газ жана мунай кендерин өздөштүрүү, экономикалык долбоорлоого катышуу ниетин гана көргөзбөстөн өлкө маркум Сапармурад Ниязовдун доорундагы изоляциядан чыга баштаганынын кошумча белгиси. Тынчтыкты жана Согушту чагылдыруу боюнча Лондондогу институттун редактору Жон МакЛеод "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматына Батыш компаниялары расмий Ашхабадга көп нерсе сунуш кылуусу ыктымал экенин айтты:
- Түркмөнстанга өзгөчө нерселерди сунуштай ала турган батыш компаниялары бар экени шексиз. Менимче, Бердымухаммедов жана анын чиновниктери Батыш компанияларынан түшкөн сунуштарга олуттуу маани беришет. Анткени ал компаниялардын тажрыйбасы чын эле көп.
Кошмо Штаттар Түркмөнстанды газын Орусия аймагын айланып өтүп, Түркия жана андан ары Европанын базарына түз алып чыгуучу куурду Каспий деңизинин түбү аркылуу төшөөнү караган долбоорго кошулууга бир нече жылдан бери үндөп келүүдө. Азыркы түркмөн президенти аталган долбоорго кызыгуусун билдирген эле жана бул маселе АКШдагы сүйлөшүүлөрдө талкууланары шексиз. Түркмөн президенти ошондой эле алдыдагы дүйшөмбү күнү Нью-Йорктогу Колумбия университетинде сөз сүйлөмөкчү. Ачык коом институтунун Түркмөнстан боюнча долбоорунун жетекчиси бул өлкөдөгү окуяларга жакындан байкоо салгандар президенттен демократиялык рефомалар боюнча комментарийлерди да күтөөрүн белгиледи:
- Балким,Түркмөнстанга жакындан байкоо салып, Бердумухаммедов Сапармурад Ниязовдун өлүмүнөн соң киргизе баштаган өзгөртүүлөрдү билгендер ал демократия, адам укуктарын урматтоо жөнүндө үстүртөн болсо да сөз кылат деп күтүшөт. Себеби бул нерселер Түркмөнстандын бир аз жумшарган саясий чөйрөсүндө реалдуу боло баштады.
Айтор, Гурбагулы Бердумухаммедовдун АКШга жасачы алгачкы сапары Түркмөнстандын тышкы саясаты жетиле баштаганын да белгиси сыяктанат. Тышкы саясат көбүнесе экономикалык алакага, атап айтканда энергия байлыктарын сатууга гана негизделген бойдон калып жатканы менен Түркмөнстандын азыркы президенти Борбор Азиядагы калган коңшулары бир нече жылдан бери жасап келген тең салмактуулукту кармоого аракеттенүүдө. Газ экспортунда мурда Орусия менен ага иштешүүгө аргасыз болсо, жакында бул багытта Кытай менен келишимге жетишти, мурдараак Иранды көздөй газ кууру ачылган. Ал эми АКШ менен байланыш түзүү, энергия ресурстарын максималдуу баага сатууга аракеттенип жаткан Түркмөнстан үчүн тыш дүйнөгө ачылуунун жолдорун көбөйтөт.