Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

АХМЕДИНЕЖАД: ИРАКТАН ЧЕТ ЭЛДИК АСКЕРЛЕР ЧЫГЫШЫ КЕРЕК


Ирандын президенти кайрадан Ирактан чет элдик аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды. Бүгүн Тегеранда башталган аскердик ири парадда сүйлөгөн сөзүндө Ахмединежад ошондой эле Ирандын технологиялык өнүгүшүнө коркутуп-үркүтүүлөр, эл аралык санкциялар тоскоол боло албайт деп айтты. Анын аралыгында ири мамлекеттер ярдолук иштерин токтотуудан баш тартканы үчүн өлкөнү жазалоо максатында Иранга каршы жаңы жазалоочу чараларды талкуулап жатышат.

Ирандын аскер күчтөрү бүгүн жылда өтүүчү "Ыйык коргонуу жумасы" деп аталган аскердик парад башташты. Тегерандын сыртында өтүп жаткан бул иш-чара Иран - Ирак согушунун башталышынын 27 жылдыгына багышталган. Ал согуш 1988-жылы жыйынтыксыз аяктаган эле.

Параддын ачылышындагы сөзүндө президент Ахмединежад Кошмо Штаттарын "чечкиндүүлүк көрсөтүп", Ирактан аскерлерин алып кетүүгө чакырды. Ал ошондой эле коркутуулар жана санкциялар менен Ирандын технологиялык прогрессин токтотууга мүмкүн болбойт деди:

- Психологиялык басым жана экономикалык санкциялар сыяктуу эскирип калган жолдор менен Ирандын тез өнүгүп жаткан прогрессин токтотобуз дегендер жаңылышат.

Ахмединежад ошондой эле "Иран ар кандай чабуулдан коргонууга даяр, кол салгандар өкүнүп калышат",- деген ишенимин кошумчалады. Ал сүйлөп жатканда, анын алдынан аскерлер, танктар жана башка унаалар өтүп жатты. Армия ошондой эле Иранда жасалган согуштук учактарды, 1800 чакырымга учуучу жаңы ракеталарды көрсөтүштү.

Кошмо Штаттары Иранды Ирактагы шийилерди колдойт деп келүүдө. Тегеранга ошондой эле ядролук иштерин токтотуу үчүн эл аралык кысым жасалып келатат. Кошмо Штаттары Иранга каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн эч качан четке каккан эмес. Иран өз кезегинде ядролук программасы тынчтык максатты көздөй тургандыгын айтып, эгер АКШ кол салса, аны жоопсуз калтырбай тургандыгын эскерткен.

Бириккен Улуттар уюму буга чейин Иранга каршы эки бөлөк санкцияларды киргизген. Кечээ Вашингтондо жолукканда Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия, Иранды сүйлөшүүлөр жана жаңы санкциялар коркунучу менен кысымга алууну уланта берерин эскертишти.

XS
SM
MD
LG