Бул тууралуу өлкө башчысы кечээ “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” аттуу кыймылдын жыйынында билдирди. Анын айтымында, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү жер-жерлерге, уруу-урууга бөлүнүүчүлүк сыяктуу жаман адатка чек коет. Бакиев ошондой эле референдум өткөрүүдө административдик ресурстар колдонулбасытыгын баса белгиледи. Буга чейин “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 21-октябрда чукул өткөрүлүп жаткан референдумда, "экс-президент Аскар Акаевдин убагындагыдан да күчтүү административдик кийлигишүүлөр болуп,көз боемочулук менен өткөрүлөт"-деген пикирин билдирген. (AJ)