Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

БУУнун ООГАНСТАН БОЮНЧА ЖЫЙЫНЫ ӨТҮҮДӨ


Бириккен Улуттар уюму Нью-йоркто бүгүн Ооганстан боюнча жыйын өткөрүп жатат. Эл аралык конфенрецияда Ооганстандагы кайра куруунун жүрүшү талкууланат. Биринчи кезекте ооган коопсуздук күчтөрүн түзүү жана апийим өндүрүшү менен күрөш тууралуу сөз болот.

Жыйынга БУУнун коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн өкүлдөрү, Азиялык өнүгүү банкынын, Евросоюздун, НАТОнун жана Дүйнөлүк банктын кызматкерлери катышат деп күтүлүүдө. Ооган президенти Хамид Карзай жана БУУнун баш катчысы Бан-Ки-Мун тең-төрагалык кылган жыйынга ошондой эле Канада, Германия, Индия, Иран, Италия, Пакистан, Саударавия, Түркия сыяктуу өкүлдөр да делегаттарын жиберишкен.

2006-жылдын январында эл аралык коомчулук Ооганстандын өнүгүшүнүн беш жылдык планын кабыл алган эле. Ал боюнча Ооганстан коопсуздук, башкаруу, мыйзамдуулук, адам укуктары, экономикалык жана социалдык өнүгүү боюнча белгилүү чараларды көрүүгө сөз берген. Өлкөгө бериле турган аскердик жана экономикалык жардам ошол чаралардын аткарылышын жараша болмок.

Ооганстанда кырдаал начар бойдон кала берүүдө. Эл аралык Кызыл чырым уюму өлкөдө кан төгүүнүн күч алганын тынчсызданууда. Бул жаатта уюмдун өкүлү Карла Хаддан Азаттыкка мындай деди:

- Ооганстандагы куралдуу жаңжал 2007-жылы тыным албай уланды, айрыкча түштүк, чыгыш аймактарда кырдаал кыйын. Жаңжал батыш, түндүктү көздөй да жайылып, Кабулга жакындап келатат.

Апийимдин өндүрүшү да өсүп жаткандыгын жакында Бириккен Улуттар уюму эскертти. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Наркотик жана мыйзамдуулук бюросунун жетекчиси Кристи МакКэмпбел бул өлкөнүн экономинасына жана коопсуздугуна айрыкча терс таасир тийгизип жаткандыгын эскертти:

- Апийимден түшкөн киреше ооган экономикасынын үчтөн бирине туура келет. Бул албетте, коррупциянын өсүшүнө түркү болуп, экономикалык өсүшкө залакасын тийгизип, бири эле мезгилде согушкерлерге байланышкан проблемаларды күч алдырууда.

19-сентябрда БУУнун коопсуздук кеңеши НАТО баштаган Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн мандатын дагы бир жылга узартуу тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG