Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

7:45 Президент Курманбек Бакиев бийлигин узартууга аракеттенбегендигин билдирди


Мамлекет башчы мындай сөзүн 22-сентябрда “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын сөзү боюнча Башмыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу – президент мөөнөтүн узартып жатат дегенди түшүндүрбөйт. “Менин президенттик мөөнөтүм – 2005-жылдын 14-августунда башталды. Мамлекет башчысынын укугун узартуу боюнча эч кандай иш-аракет болбойт, деп бекемдеген Курманбек Бакиев Башмыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген деген пикирлерге да кошула албасын билдирди. Анын айтуусунда Конституция боюнча президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аныктоого укуктуу, ошондуктан күч структураларынын жетекчилерин жана тышкы иштер министрин дайындоо мамлекет башчынын милдети. Ал эми жергиликтүү бийлик ээлери президенттин жер-жерлердеги өкүлү болгондуктан, аларды дайындоону да мамлекет башчы өз милдетине алууга тийиш, деп билдирди президент Курманбек Бакиев.
Буга чейин айрым саясатчылар Башмыйзамдын жаңы долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары көбөйтүлгөндүгүн, долбоор авторитардык башкарууга ыктап калгандыгын белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG