Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

24-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1933-жылдын 24-сентябрь күнү Кыргызстан обком партиянын биринчи катчысы Александар Шахрай менен Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Юсуп Абдрахмановдор кызматынан алынган. Кыргыз улуттук искусство өрнөктөрү «Мурас жана учур» деген аталыш менен Москва шаарындагы мамлекеттик Чыгыш музейинде 2003-жылдын 24-сентябрь күнү көргөзүлдү.

Кыргыз Автономиялык областынын партия комитети менен ВКП (б) Контролдук комиссиясынын областтык президиумунун 1933-жылдын 24-сентябрь күнкү биргелешкен жыйынында уюштуруу маселеси каралды. Жыйында Кыргызстанда жыйналган эгинди мамлекет кампасына төгүү компаниясын үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн обком партиянын биринчи катчысы Александар Шахрай менен Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Юсуп Абдрахмановдор кызматынан алынган.

Кыргыз областтык партия комитетинин биринчи катчылыгына Москвадан жөнөтүлгөн Морис Белоцкий, Элдик комиссарлар кеңешинин төрагалык кызматына мурдагы партиялык комитеттин экинчиси катчысы Баялы Исакеевди шайлашкан.

Совет мамлекети жаңыдан тарагандан кийин, 70 жыл бою келиштирилген экономикалык байланышты сактап калуу аракет жасала баштаган. Шериктештик мамлекеттеринин көмүр жана темир өнөр жайларындагы мамилени жандандыруу максатында 1993-жылдын 24-сентябрында «Евроазиялык мамлекет аралык көмүр жана темир бирикмеси уюшулган. Уюмга Кыргызстандан тышкары, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина республикалары кирген.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен 1996-жылдын 24-сентябрында «Кыргызстан жана Россия-XXI кылымда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Кыргыз маданият күндөрүн Москва шаарында өткөрүү жөрөлгөсү совет мезгилинде эле башталган. Кыргыз чеберлеринин Москва искусство күйөрмандарына кыргыз маданият жетишкендиктери менен биринчи жолку тааныштыруусу 1939-жылы болгон. Советтер Союзу тарагандан кийинки Кыргызстандын улуттук искусство үлгүлөрүнүн Москва шаарында көрсөтүлүшү 2003-жылдын сентябрь айында жасалган. Кыргыз маданият күндөрүнүн алкагында улуттук искусство өрнөктөрү «Мурас жана учур» деген аталыш менен Москва шаарындагы Мамлекеттик Чыгыш музейинде 24-сентябрь күнү көргөзүлдү.

Бириккен Улуттар уюмунун сот жана адвокаттардын күңкорсуздук маселеси боюнча атайын баяндамачысы Леандро Деспоинин 2005-жылдын 24-сентябрдагы билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын калкы азыр да сот акыйкаттыгына ишенишпейт.

«Манас» эл аралык аэропортунда орун алган америкалык аскер күчтөрүнө караштуу учкучтар 2005-жылдын 24-сентябрында Чүй областына 80 миң тонналык күйүүчү майларды төгүштү. Кыргызстандык эколог адистердин маалыматына караганда, учкучтардын мындай аракети областтын жүздөгөн гектер жерлерине зыян келтирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин 2002-жылдын сентябрь айында Америка Кошмо Штаттарга жасаган расмий визитинин алкагында, 24-сентябрь күнү мамлекет башчысы америкалык конгресс спикери Деннис Хастерт менен жолугушту. Кыргыз президенти эгер, Нидерландия «жоогазындардын мекени болсо, Кыргызстан бейөкмөт уюмдардын өлкөсү», деп билдирди. Анткен менен америкалык тарап, 2001-жылдын январь айынан бери камакта жаткан мурдагы вице-президент Феликс Куловдун проблемасын козгоп, президентке Кыргызстанда адам укуктары бузулуп аткандыгын билдирген кат тапшырышты. А. Акаев катты өлкөнүн Жогорку Сотуна тапшыра тургандыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG