Бул жыйынга Египет, Сирия, Иран, Сауд Арабия, Иордания, Кувейт, Түркия, ошондой эле АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция жана Япониянын тышкы иштер министрлери катышты. Иракка коңшу бардык өлкөлөрдүн жана Коопсуздук Кеңешинде чечүүчү добушка ээ өлкөлөрдүн министрлеринин, Ирактын премьери менен чогуу отурушун БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун “өтө жакшы жышаан” деп, бул алардын Иракты колдоорун айтты:
- Бул жерде Коопсуздук кеңешинин жаңы 1770- резолюциясынынын алкагында Улуттар уюмунун Ирактагы ролун чоңойтууну жапырт колдошту.
Быйыл августа кабыл алынган резолюция БУУнун Ирактагы миссиясын бир жылга узартып, Ирак өкмөтү менен Улуттар Уюмунун агенттиктери арасындагы кызматташууну кеңейтүүгө чакырган.
Ирактын премьер- министр ал- Малики өз кезегинде Пан Ги Мундун жыйынга берген баасын колдоду:
- Жыйын Ирак маселеси оң нукта баратканын тастыктады. Ошондой эле биздин алдыбызда турган милдеттерге көңүл бурду. Демократиянын достору, коопсуздуктун жактоочулары- баары тең эларалык коомчулуктун атынан Иракты колдойлу деп чечишти.
Ал-Малики БУУнун миссиясы улуттук элдешүүнү тездетерин айтып, анын өкмөтү саясый, экономикалык жана социалдык реформаны ишке ашырууга аракет кылып жатканын да кошумчалады.
Жыйындан соңку пресс- конференцияда Пан Ги Мун БУУнун миссиясын кеңейтүү Ирактагы кырдаалга жараша болорун баса белгиледи:
-Коңшу өлкөлөр региондогу коопсуздукту камсыздоодо БУУнун ролун бекемдөөнү колдойбуз деп убада беришти. Ошондон улам көпчүлүк ораторлор чек ара коопсуздугун бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту. Эларалык коомчулук Иракты жалгыз калтырбасын же анын проблемаларын тең бөлүшүү боюнча бир мунасада экенин билдирди. Ирактын коопсуз болуусу- биздин жалпы кызыкчылыгыбыздагы иш.
БУУнун Ирактагы миссиясы 2003- жылы түзүлгөн. Август айында миссиянын Багдаддагы башкеңсеси бомбаланып, аны 22 кызматкери набыт болгондон кийин, өз кызматкерлеринин саны кыскартылган. Азыр Багдадда миссиянын 65 жана түндүктөгү Арбил шаарында 30 кызматкери гана бар.